Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:47

ПРЕЗИДЕНТТИН ДЕМИЛГЕСИ ПАРЛАМЕНТТЕ КОЛДОО ТАПКАН ЖОК


8-июнда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны президент тарабынан Кылмыш кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу киргизилген мыйзам долбоорун карап, бирок аны кабыл алган жок. Мамлекет башчысы сунуштаган долбоордо ушактады деп айыпталган адамды камакка алып эмес, акчалай айып салып жазалоо жагы каралган эле.

Президент тарабынан сунушталган мыйзам долбоорунда ушактоого каршы чара көрүүнү караган Кылмыш кодексинин 127-беренесинин 2-, жана 3- пункттарын, 128-беренесинин 2-пункттун алып салуу, ал эми “Мамлекеттик төлөм жөнүндөгү” мыйзамдын төртүнчү беренесине өзгөртүү киргизүү каралган. Президент мындай өзгөртүүлөрдү өлкөнүн мыйзамдарын Адам укуктары боюнча жалпы декларацияга, Граждандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактыга дал келтирүү жана өлкөдө сөз эркиндигин коргоо максатында сунуштап жатканы долбоордун негизинде айтылган. Ал эми президенттин мыйзам чыгаруу жыйынындагы өкүлү Мурат Укушев президенттин мындай демилге менен чыгуусуна эмне түрткү болгонун жөнөкөй түшүндүрдү:

- Эмне түрткү болгонун сиздер билесиздер, урматтуу Аскар Акаевдин демократтыгы түрткү болууда. Ал кишинин демократияны өнүктүрөйүн, алдыга жылдырайын деген эле максаты түрткү болду.

Президент алып салууну сунуштаган 127-берененин экинчи пункттунда ушактоо боюнча айыпталган атуулга минималдык айлык акынын жүз өлчөмүнөн бир миң өлчөмүнө чейин айып салуу, ал эми ошол эле беренинин үчүнчү пункттунда ушактоо менен оор кылмыш жасаганда 3 айдан 3 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган эле.

Булар менен кошо президент “Мамлекеттик төлөмдөр жөнүндөгү” мыйзамга, сотко кайрылган доогер өз пайдасына сураган суммадан 5% мамлекеттик төлөм бериши керек деген да жобону киргизүүнү парламентке сунуштаган эле.

Бирок мамлекет башчысынын мындай демилгеси көпчүлүк депутаттардын колдоосуна ээ болгон жок. Ага каршы чыккан депутаттардын бири Алишер Сабиров өз пикирин мындайча негиздеди:

- Сөз, ойлоо эркиндиги Конституцияда кепилденген. Бирок ал эркиндиктер Конституциялык жана мыйзамдык рамкага ылайык болуш керек. Ошондуктан журналисттерди жана башка тараптарды ушактагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуудан бошотууга каршымын. Андан сырткары бизде жакында шайлоо болот. 127-беренени алып салсак, шайлоо алдында опузалап коркутуу, жалаа жабуулар өзгөчө күч алат. Ал эми эл аралык тажрыйба жөнүндө айта турган болсок, ушактоо үчүн АКШнын кээ бир штаттарында жана башка бир катар батыш өлкөлөрдө кылмыш жообуна тартуу каралган. Сотко кайрылганда мамлекеттик төлөм төлөөгө да каршымын. Ал адамдардын сотко кайрылуу укугун чектейт.

Палата ичинде президенттин долбоорун колдогон депутаттар да болду. Алардын бири депутат Зайнидин Курманов буларга токтолду:

- Кылмыш кодексинин 127-, жана 128-беренелери Конституцияга каршы келет. Андан сырткары докладчы белгилегендей, сунушталып жаткан долбоордо ушактоо жана кордоо боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартуу четке кагылбайт. Болгону жазанын түрүн өзгөртүү жөнүндө кеп жүрүп жатат. Сөз журналисттерди, редакторлорду камабоо жөнүндө баратат. Бизде белгилүү болгондой - оппозициялык маанайдагы гана маалымат каражаттарынын өкүлдөрү кесилүүдө.

Ал эми депутат Өмүрбек Текебаев өзүнүн буга каршы экенин мындай жүйөөлөр менен негиздеди:

- Сөз эркиндиги журналисттерге эле эмес, жалпы адамдарга тиешелүү нерсе. Ошондуктан бул жерде сөз - журналиcттер жөнүндө гана болбош керек. Бизде граждандык коом өсүп жетиле электиктен мындай мыйзамды кабыл алууга эрте. Анын үстүнө Кыргызстанда массалык маалымат каражаттарынын баары үй-бүлөнүн же мамлекеттин колундa.

Депутат Кабай Карабеков болсо, бул өзгөртүүлөрдү өлкөнүн мыйзамдарын либералдаштыруу контексинде кароо туура болоорун айтып, өз коллегаларын долбоорду колдоого чакырды. Эң аягында сөз алган Мыйзам чыгаруу жыйынын төрагасы Абдыганы Эркебаев да сөз үчүн камоо туура болбосун айтып, долбоорду колдоорун билдирди.

Андан кийин добуш берүү болду. Бирок анын жыйынтыгы мыйзам долбоорунун пайдасына чечилген жок. Мыйзамды колдоп 22 гана депутат добуш берди. Натыйжада - долбоор үчүнчү ирет парламентте өтпөй калды.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG