Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:38

КОРРУПЦИЯНЫН БАШАТЫ ЭМНЕДЕ?


Бакыт Аманбаев, Бишкек Кечээ Бишкекке акыйкат башкаруу жана коррупцияга каршы күрөш боюнча эл аралык эксперттердин миссиясы келди. Алар Адилет башкаруу боюнча улуттук кеңештин, жогорку бийлик, бейөкмөт уюмдардын, саясий партиялардын, тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү менен жолугушуп, коррупция менен күрөшүү боюнча сунуш-пикирлерди иштеп чыгышат.

Улуттар уюмунун өнүгүү программасынын Бишкек кеңсесинен алынган маалыматка караганда, эксперттер кыргыз өкмөтүнүн өтүнүчүнө ылайык ЮСАИД, ЕККУ, БУУнун өнүктүрүү программасынын колдоосу менен келишти. Алар Кыргызстанда он биринчи июнга чейин болушуп, өлкөдөгү жогорку бийлик жетекчилери, бейөкмөт уюмдар, саясий партиялар, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушат. Анан иш сапардын жыйынтыгы тууралуу отчетун даярдашат. Ошондой эле бийлик бутактарынын бардык баскычтарында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча өз сунуш-пикирлерин иштеп чыгышат.

Миссиянын курамында Улуттар уюмунун өнүгүү программасынын мамлекеттик башкаруу боюнча кеңешчиси Бенжамин Ален, Македониядагы коррупцияны азайтуу боюнча улуттук комиссиянын өкүлү Слагана Тасева жана Германиядан "Трансперенси Интернешнл" уюмунун өкүлү Стиан Кристенсен бар.

Кыргыз бийлиги соңку бир нече жылдан бери эле коррупцияга каршы аёосуз күрөш жүргүзгөндүгүн коомчулукка жар салып келет. Бул максатта Кыргызстандын аткаруу бийлиги Адилет башкаруу боюнча улуттук кеңеш, Демократиялык коопсуздук кеңешин түзүп, «Кыргызстан - адам укугун урматтаган өлкө» жана 2004-жылды социалдык мобилизациялоонун жана акыйкат башкаруу жылы деп жарыялады. Бирок ошого карабай, сонку жылдары Кыргызстандын бийлик бутактарында коррупция азайбай, тескерисинче, өнүгүп жаткандыгын көз карандысыз эксперттер, атургай мамлекет башчысы деле ар убак айтып келет.

Өткөн аптада президент Аскар Акаев соттордун республикалык кеңешмесинде бул тармактын коррупцияланып кетищи тууралуу коомчулукка дагы бир жолу эскертип кетти. Мамлекет башчысынын мындай пикиринен айырмаланып, айрым эл аралык жана жергиликтүү эксперттер Кыргызстанда коррупция сот органдарында эле эмес, бардык эң жогорку бийлик бутактарында да өзгөчө тамыр жайгандыгын белгилешет. Ага мисал катары алар Кыргызстанда эң жогорку кызмат орундары сатыларын келтиришет.

Маселен, мындан бир нече күн илгери Мыйзам чыгаруу жыйынынын коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча комитетинин башчысы Алымбай Султанов соңку жылдары ички иштер министрлигинде паракорлук, коррупция өтө күч алганын белгилеп, милиция кызматынын орду канча акчага сатылаарын Жогорку Кеңештин трибунасынан билдирген:

- Катардагы милиция кызматкери болуп жумушка кириш үчүн жүз доллардан беш жүз долларга чейин беришет. Ал эми базарга жакын жердеги милиция кызматкерлигине үч жүз доллардан беш жүз долларга чейин берсе - ишке алынат. Анткени ал жерде май талкан көбүрөөк. Ал эми автоинспекциянын катардагы кызматкери жумушка кириш үчүн миң доллардан үч миң долларга чейин берет. Антпесе жумушка кире албайт.

Ал эми депутат Адахан Мадумаровдун пикиринде, эгемендүүлүк жылдары кадр саясаты Кыргызстанда ири бизнеске айланды:

- Кыргызстанда эң орошондуу чоң бизнес - бул кадр саясаты болуп калды. Бирөөнү кызматка көтөрүү, кайра кызматтан алуу көп акча турат. Бул үй-бүлөлүк бизнес. Муну маркум Жумабек Ибраимов убагында бир ишканага жетекчиликке кызматка коюш үчүн Ак үйгө 50 миң доллар алып келет экен деп айткан. Бул - Мадумаровдун сөзү эмес, бул - ошол кездеги өкмөт башчынын сөзү. Бул - ошол кездеги баа. Андан бери анын баасы он эсе кымбаттады. Аны ким алып жаткандыгы коомчулукка айдан ачык маалым.

Эркин саясатчылардын жогорудагыдай пикирине Кыргызстандын аткаруу бийлигинин өкүлдөрү макул эмес:

- Ушул "коррупцияга малынып калды" деген сөздүн өзүнүн түшүндүрмөсү таптакыр тескери. Бүгүн дүйнө жүзүндө коррупция көрүнүшү жок өлкө жок. Биз деле ошол дүйнө жүзүндөгү өлкөлөрдүн бирибиз. Анан көпчүлүгү биздин соттордун көпчүлүгү сатылып кеткен деп айтышууда. Менин оюмча - бул таптакыр туура эмес, -
дейт президенттик администрация башчысынын орун басары Болот Жанузаков.

Мына ушундан улам айрым байкоочулар Кыргызстанда жогорку бийлик бутактарында коррупциянын күчөшүнө өлкөнүн Башмыйзамы өбөлгө болуп жатканын айтышат. Ал эми саясат таануучулар болсо өлкөдөгү ар бир адамдын саясий, экономикалык эркиндиги качан гана эң жогорку бийлик бутактарынын ыйгарым укуктарын өлкөнүн Башмыйзамынын негизинде так бөлүштүргөндө камсыз болоорун баса белгилешет. «Антпесе, коррупция менен күрөшүүдөн эч кандай натыйжа чыкпайт» дешет көз каранды эмес байкоочулар.
XS
SM
MD
LG