Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:48

Мадриддеги террактын башкы уюштуруучусу деп эсептелген адам кармалды


Бул тууралуу Италиянын бийликтери маалымдады. Алардын билдиргенине караганда, Мадриддеги террактын башкы уюштуруучусу деп эсептелген адам жана анын эки шериги дүйшөмбүдөн шейшембиге караган түнү Милан шаарында кармалган. Испаниянын башкалаасында быйыл 11-мартта жасалган жардыруулардын учурунда 200дөй адам каза тапкан эле. Италиянын ички иштер министри Жузеппе Писанинин айтымында, кармалган Рабей Осман Сайед же экинчи аты Мохамед Египтян Европада жаңы террактарды пландаган болушу да мүмкүн. Брюсселде Бельгиянын полициясы Мохамед Египтян менен байланышы бар деп шектелген 15 адамды камакка алды. Италия, Франция, Испания, Бельгиянын укук коргоо органдары жалпы европалык антитеррордук операция өткөрүүдө.

XS
SM
MD
LG