Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:45

Израилдин тик учмалары Газа секторун ракета менен аткылады


Аскерий өкүлдөрдүн билдиргенине караганда, бутага курал–жарак менен жардыруучу заттар сакталган жай алынды. Палестин тараптын маалыматы боюнча андан эки адам жаракат алган.

Ал эми кечээ "Хезболла" уюму Израилдин Ливандын түштүгүндөгү талаш чек ара аймагы - Шебаа өрөөнүндөгү аскерий бекеттерин ракета жана минемоттон аткылаган эле. Мунун алдында дүйшөмбүдөн шейшембиге караган түнү Израилдин учактары палестин согушкерлеринин Ливандын аймагындагы базаларына сокку урган. Израил мындай чарага Ливан тараптан аскерий кемеси аткыланганына жооп ирээтинде барганын билдирген болчу. Ливан Израилдин аракетине нараазылык билдирип, БУУга кайрылды.

Мунун аралыгында кечээ Израилдин турак–жай министри жана анын орун басары премьер-министр Ариэль Шарондун Газа секторундагы жөөт конуштарын жоюу планына каршылык көргөзүп отставкага кетти. Алардын мындай кадамы, байкоочулардын пикиринде, Шарондун ансыз деле олку-солку абалда турган коалициялык өкмөтүнүн келечегине терс кесепетин тийгизе алат.

XS
SM
MD
LG