Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:31

ОРУСИЯ МЕНЕН МЕКСИКА АЛГАЧКЫ ЖОЛУ КЫЗМАТТАШУУГА АРАКЕТ КЫЛА БАШТАШТЫ


Төрөкул Дооров, Москва 7-июнь күнү Орусия менен Мексиканын ортосунда алгачкы ирет ырасмий түрдө кызматташтыктын жолдору талкууга алынды. Мексикадагы бир күндүк ырасмий сапары учурунда В.Путин мындан ары эки мамлекет ортосунда экономикалык жана аскерий кызматташтыкты жандандыруу алгылыктуу иш болоорун белгиледи.

Орус мамлекетинин башчысы Мексикага ырасмий сапар менен биринчи жолу барып отурат. Андыктан Владимир Путиндин келишин күтүүчү тарап, кудум мамлекеттик визит катарында кабыл алып, салтанаттуу иш-чараларды уюштургандыгы да бекеринен эмес.

Жергиликтүү байкоочулар сүйлөшүүлөрдүн натыйжалуу болгондугун айтышууда. 2007-жылдан тарта Ыраакы Чыгышта газ суюлтуучу ири ишкана иштей баштайт. Ал өз продукциясын Мексикага жөнөтмөкчү. Мексика азыр суюк газды Америка Кошмо Штаттарынан алат.

Негизи, мунай жаатындагы кызматташуу сүйлөшүүлөр учурунда жетишилген башкы ийгилик катарында бааланууда. Анткени Орусия менен Мексика ОПЕКке - мунай өндүрүүчү мамлекеттердин бирикмесине киришпегени менен, дүйнөдөгү мунай базарына олуттуу таасир эте алышат.

- Мексика азырынча мунай өндүрүү боюнча өз мүмкүнчүлүктөрүнүн 18%зын гана жумшай алат. Андыктан, бул жаатта кызматташтыкты арттыруу Орусия үчүн пайдалуу болмок, - деди Путин.

Ал ошондой эле Мексика менен Орусиянын ортосундагы соода жүгүртүү «эң төмөнкү» деңгээлде экендигин билдирип, бул ишти жандандыруу үчүн аскерий жана экономикалык кызматташтыкты өркүндөтүү аракеттери көрүлөөрүн белгиледи. Мексиканын президенти Винсенте Фокс эми анын өлкөсүндө вертолеттун тетиктери топтоло баштаарын, машине куруу боюнча биргелешкен ири ишканалар курула тургандыгын айтты.

Мамлекет башчылары мындан сырткары, эларалык оорчундуу проблемаларды да талкууга алышты. Алардын ичинде өзгөчө Ирактагы окуялардын өнүгүшүнө жана Ооганстандагы кырдаалга карата тараптардын мамилелери бири-бирине жакын экендиги белгиленди.

Учурда Бириккен Улутар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде иштелип жаткан Ирак боюнча жаңы резолюцияга токтолуп, Владимир Путин анын пайдалуу болооруна ишенээрин айтты:

- АКШ учурда жагдайдын жакшырышы үчүн жигердүү аракеттерин көрүп жатат. Ал эми Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешине сунуш этилген резолюция ушул тапта жакшы жагына олуттуу өзгөрүүдө.

Президенттердин ойлорунда, Ирактагы абал Ооганстандагыга караганда алдаганча татаал. Ооганстанда өзгөчө маңзаттарга каршы күрөштү күчөтүү зарылдыгын эки президент тең белгиледи.

Сүйлөшүүлөрдүн соңунда бир катар эки тараптуу келишимдерге колдор коюлду. Мисалы, Орусия-Мексика кызматташтыгын жандандыруу боюнча биргелешкен билдирүү жасалып, камакка алынгандарды бири-бирине өткөрүп берүү боюнча макулдашууга, ишканалар үчүн кирешеге болгон салыктын эки эсе алынышына жол бербөө тууралуу мамлекеттик келишимге кол коюлду.

Андан сырткары, орусиялык «Внешторгбанк» жана Мексиканын Улуттук банкынын ортосунда, ошондой эле, «Росэксимбанк» менен Мексинанын тышкы соода боюнча Улуттук банкынын ортосунда кызматташуу жөнүндөгү документтерге мөөр басылды.

XS
SM
MD
LG