Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:37

КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯ ЭКСПОРТТОО МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ КАНДАЙ?


9-июнда “Электр станциялар” акционердик коомунун төрагасынын орун басарлары маалымат жыйынын өткөрүштү. Алар өткөн жылы Россиянын “Интер РАО ЕЭС” менен түзүлгөн беш жылдык контрактты аткаруу 8-июнда башталганын билдиришти.

Өткөн жылы Кыргызстан жалпысынан 14 миллиард киловатт сааттын тегерегинде электр кубатын иштеп чыгып, анын 1 миллиард 700 миллион киловатт саат өлчөмүн экспорттогон. Быйыл 8-июндан тартып “Электр станциялар” акционердик коому Россияга энергия сатуу боюнча беш жылдык контрактты аткара баштады. Ага ылайык жыл сайын бул өлкөгө бир миллиард киловатт сааттан ашык электр энергиясы сатылат. Өткөн жылы Россияга сатылган энергиянын көлөмү 714 миллион киловатт саат болгон.

“Электр станциялар” акционердик коомунун төрагасынын орун басары Айдар Калиев электр энергиясы Россияга кандай баада сатылып жатканын айтуудан баш тартып, бирок буларга токтолду:

- Экпорттук тариф “Электр станциялар” акционердик коому тарткан чыгашаны толук жабат. Анын баасы электр кубатын жергиликтүү элге саткан бөлүштүргүч компанияларга биз саткан баадан жогору.

Бирок энергетиктердин жалпы эле тариф саясатын сынга алгандар да жок эмес. Маселен, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Орозбек Дүйшеев мындай пикирин билдирди:

- Биз элге электр энергиясынын бир киловаттын 40-80 тыйындан - өз баасынан 3 эсе кымбат сатып жатабыз. Ал эми чет өлкөлөргө ар кандай баа менен сатылууда. Кытайга 3 центтен же 1сом 30 тыйындан, Өзбекстанга 3,5 центтен, бул 1 сом 40 тыйындан ашып барат. Ал эми Казакстанга бир центтен же 44 тыйындан сатып жатабыз. Россияга 26 тыйындан гана сатып атабыз. Өткөн жылы Россияга 714 миллион киловатт саат энергия саттык. Эгерде аларга да Кытайга саткан баада сатсак, анда орто эсеп менен 800 миллион сом алмакпыз. Андан төрт эсе арзан сатканыбыздан 200 миллион сом гана алдык.

“Электр станциялар” акционердик коомунун жетекчилеринин маалымдоосуна караганда, учурда Кытайдын Кыргызстан менен чектеш райондоруна электр энергиясы бир аз өлчөмдө сатылууда. Бул өлкөгө экспортко кеңири жол ачыш үчүн жогорку чыңалууда электр линияларын куруу зарыл. Ал эми Өзбекстанга энергияны экспортоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

«Абалы начар деп мурда маалымдалган Үчкоргон ГЭСинде кырдаал кандай?» деген суроого “Электр станциялар” акционердик коомунун төрагасынын биринчи орун басары Абдылда Исраилов мындай жооп берди:

- Үчкоргон ГЭСи Нарын дарыясында курулган эң биринчи ГЭС. Ал 1961-жылы ишке киргизилген. Акыркы үч-төрт жылдан бери бул ГЭСте оңдоо иштерин жүргүзүп жатабыз. Абалы жакшы. Биз Үчкоргон жана Атбашын ГЭСтерин реконструкциялоо-модернизациялоо программасын кабыл алганбыз. Бул иштерди жүргүзүүнүн техникалык-экономикалык негиздери түзүлүүдө.

Исраиловдун айтымында, Нарын дарыясындагы эң чоң ГЭС – Токтогул ГЭСин да модернизациялоо иштери башталууда.

10-июнда Тажикстандын борборунда Россиянын «РАО ЕЭС» компаниясынын башчысы Анатолий Чубайстын төрагалыгы астында КМШ мамлекеттеринин энергетиктеринин жыйыны башталат. Андагы негизги маселе КМШ аймагында электр энергетика базарын куруу, укуктук-нормативдик документтерди жакындаштыруу болот, деп белгиледи Айдар Калиев.

Маалымат жыйынында айтылганга караганда, учурда Камбарата-1 жана Камбарата-2 ГЭСтерин куруунун техникалык-экономикалык негиздерин Россия менен Кыргызстан бирге иштеп чыгууда. ГЭСтерди курууга катышууга Казакстан да кызыгууда. Мурда айтылган маалыматтар боюнча, бул эки ГЭСти курулушуна 1.5 миллиард доллардын тегерегинде инвестиция талап кылынат. Ал эми азыркы кезде Кыргызстан ГЭС курула турган жерге баруучу жолдорду салууда. Жалпысынан өлкө бул долбоорго 90 миллион сом каражатын жумшаган. Иш дале улантылууда.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG