Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:55

ДҮЙНӨЛҮК БАНК 9 МИЛЛИОН ДОЛЛАР КРЕДИТ БЕРЕТ


Кыргызстандагы банк жана төлөм системасын жакшыртуу долбоорун ишке ашырууга Дүйнөлүк банк 9 миллион доллар кредит бөлмөкчү. Эларалык өнүгүү ассоциациясы аркылуу Дүйнөлүк банк кедей өлкөлөргө 40 жылдык мөөнөт менен жеңилдетилген кредит берет. Кыргызстанда Дүйнөлүк банктын көмөгү менен 17 долбоор ишке ашырылууда.

Дүйнөлүк банктын көмөгү менен Кыргызстандын айыл чарба, саламаттык сактоосун реформалоо, макроэкономика, инфраструктура, каржы секторун жакшыртууга багытталган долбоорлор ишке ашырылууда. Карапайым калкы кедейликтен чыга албаган өлкөлөргө берилчү кредит акчалардын кыйласы Кыргызстандын энергетика системасын, башкаруу кызматын реформалоого, медициналык тейлөөнүн жаңы усулдарына өтүүгө, шаар каттамдарын жакшыртуу сындуу иштерге жумшалмакчы. Кыргызстандын банк системасын реформалоо, анын төлөө системасын жаңыртуу долбоорун ишке ашырууга Дүйнөлүк банк ушул жылдын 16-мартында 9 миллион доллар бөлүп берди.

Долбоорду ишке ашыруу тууралуу кыргыз өкмөтү менен Дүйнөлүк банктын бул жердеги өкүлчүлүгүнүн ортосундагы келишимге кол коюу аземи 9-июнда Бишкекте өттү. Кыргызстандын каржы министри Болот Абилдаевдин айтымында, банк системасын реформалоо долбоору 4 бөлүктөн турат.

- 9 миллиондун ичинен 7,2 милилон доллар банктын төлөө системасын жаңылоого бөлүнөт. Биринчиси, банктардын ортосундагы алыш-беришти карточка менен жүргүзүү. Экинчиси, клиринг палатасы аркылуу кете турган акчаларды гросс системасы деп коет, ошол системаны жакшыртууга жумшалат. Үчүнчүсү, бул долбоорду ишке ашыруу үчүн башкаруу керек го. Башкаруу системасына 100 миң доллардай акча кетет. Дагы бир чоң бөлүгү – Улуттук банктын башкы китебин жакшыртуу. Банк дебит-кредит балансын чыгарат. Үчүнчүсү, коммерциялык банктардын иштерин жакшыртуу үчүн 1,6 миллион доллар жумшалат. Төртүнчүсү, ушул долбоорду колдоо боюнча 100 миң доллар кетерин жогоруда айттым. Негизи долбоор 4 бөлүктөн турат, - деп айтты каржы министри Болот Абилдаев.

Анын ырасташынча, ушу тапта Дүйнөлүк банктын көмөгү менен ишке ашырылып аткан мамлекеттик башкаруу түзүмүн жаңылоого багытталган программаларга акча бөлүү маселесинде эч кандай проблема жок. Тек, структуралык жаңылануу максатын көздөгөн CSAC программасына арналган каражаттын үчүнчү траншын алуу үчүн Кыргызстан акционерлер тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизиши керек.

Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Крис Лавлейс CSAC программасына кирген энергетика тармагы толук менчиктештириле электигине басым жасады:

- Азырынча менчиктештирүү толук жүргүзүлө элек. Болгону «Кыргызэнерго» үч компанияга бөлүндү. Биринчиси электр энергиясын иштеп чыгуу, экинчиси – улуттук электр тармактары, үчүнчүсү – бөлүштүрүү компаниялары. Эгер бөлүштүрүү компаниясы концессияга берилгенде алардын иши кыйла үзүрлүү болмок, сырттан инвесторлор да арбын келмек. Ушундай болгондо компания чет элдик менеджер тарабынан башкарылып, мамлекеттин ээлигинде кала бермек.

Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлү электр энергиясын өндүрүү, улуттук электр тармактары компанияларын өкмөттүн өзү башкарганы оң деп эсептейт. Азырынча аларды жеке менчикке өткөрүү тууралуу сөз боло элек. Бул тармактын ишин мыкты коюп, өкмөт электр энергиясын сыртка сатуудан чоң пайда тапканга мүмкүнчүлүгү бар, деп билдирди Крис Лавлейс.

Болот Абилдаев Кыргызстандын тышкы карызы 1 миллиард 900 миллиондон ашканын маалым кылды. Бул өлкөнүн ички дүң продуктуна карата 97% түзөт, бирок да ал жыл санап азайып баратат. 2000-жылы ал 134% чейин чыккан, деп маалымдады министр.

Быйыл сентябрда кыргыз өкмөтү Эларалык валюта коруна жакырчылыкты азайтуу, туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыз кылууну камтыган 3 жылдык программанын аткарылышын айтып, Париж клубуна кирген өлкөлөргө карыздардын бир бөлүгүн кечип жиберүү, калганын артка жылдыруу өтүнүчүн билдирмекчи.

- Биз алардан Неаполь шартын сурасакпы деп жатабыз. Азыр Париж клубунун шарты өзгөрүлүүдө. Жакында кредит берүүчү өлкөлөр Виам шартын кабыл алышты. Ал боюнча сырткы карыздарды төлөттүрүп алуунун шарты финансылык айырмачылыкка байланыштырылат, - деп айтты Болот Абилдаев.

Ушу тапта кыргыз экономикасы «өйдө тартса - өгүз өлөр, ылдый кетсе араба сынар» кысталыш жагдайда туру. Акчанын баары тышкы карызды төлөөгө жумшалса, бюджет көзүн карап отургандардын социалдык проблемасы чыгат.
XS
SM
MD
LG