Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:15

Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн эли президент Акаевге кайрылуу жолдоду


ОШ. Кайрылууда Төлөйкөн кыштагынын тургундары илгертен бери жайкысын мал бакчу Караташ, Тайчыкпас, Челек, Сууктескей, Иткачкан, Жапалаккыштоо деген мыкты жайлоолору 1994-жылдан баштап Кызылкыштак айыл өкмөтүнө карап калгандыгы айтылат. Кызылкыштак айыл өкмөтүнүн борборунан ал жайлоолор өтө алыс жайгашкандыгы, натыйжада төлөйкөндүктөр жайытсыз, чөп орчу жери да жок калгандыгы, суулуу жерлери да жетишсиз экендиги баяндалган. Андыктан же аталган жайыттарды Төлөйкөн айыл өкмөтүнө кайтарып, же Төлөйкөн кыштагын Кызылкыштак айыл өкмөтүнө кошуп берүүсүн президенттен суранышкан. Бул маселе боюнча район акимдерине, депутаттарга канча ирет кайрылышса да көңүл бурулбай келгендиги эскертилген. Маселе чечилбесе чуулгандуу нааразылыктарга барабыз деп жазышат кат ээлери. Кайрылууга 74 киши кол койгон.

XS
SM
MD
LG