Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:07

Конституциялык сот Төлөкан Исмаилованын арызын карайт


БИШКЕК. Бүгүн Бишкек шаардык соту «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун лидери Төлөкан Исмаилованын «административдик тартип бузуу тууралуу» чечимин жокко чыгарууну суранган апелляциялык арызын кароону убактылуу токтотту. Буга Төлөкан Исмаилованын Конституциялык сотко кайрылышы себеп болду. Ал Конституциялык сотко «Атуулдардын тынч, куралсыз, эркин чогулушу, демонстрация өткөрүү тууралуу» мыйзамынын 5-, жана 7-беренелеринин Конституцияга каршы келерин таануу сунушу менен кайрылган.

Буга чейин Биринчи май райондук соту аталган мыйзамдын негизинде Т.Исмаиловага Куловду бошотуу талабын койгон акцияга 14-апрелде катышканы үчүн 10 минималдык айлык акы өлчөмүндө айып төлөө тууралуу чечим чыгарган. Исмаилова болсо сот таянган «Атуулдардын тынч, куралсыз, эркин чогулушу, демонстрация өткөрүү жөнүндөгү» мыйзам Конституцияга кайчы келет деп, Конституциялык сотко кайрылган. Конституциялык сот бул арызды караарын маалымдады.

XS
SM
MD
LG