Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:35

Ч.Айтматовдун 75 жылдыгы белгиленди


ЧОЛПОНАТА. «Евразия ХХI кылымда – маданияттардын диологубу же цивилациялардын кагылышуусубу?» аттуу эл аралык конференциянын алкагында бүгүн Чолпоната шаарында дүйнөгө таанымал жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 75 жылдыгы белгиленди. Адегенде жазуучуну президент Аскар Акаев куттуктады. Ал өз сөзүндө Айтматовду маданияттын дүйнөлүк деңгээлдеги феномени катары баалап, маданияттардын диалогу менен Айтматовду бири-бирине синоним түшүнүктөр катары белгиледи:

- Кыргызстандын улуттук тарыхында Чыңгыз Айтматовдун ысымын элдик эпостук баатыр айкөл Манас менен катар койсо жарашат.

Сөзүнүн соңунда мамлекет башчы жазуучуга “ХХ кылымдагы адабиятка жана өнөргө кошкон олуттуу салымы үчүн” деп аталган "Алтын жылдыз" тапшырды. Чынгыз Айтматов Совет мезгилинде Лениндик, мамлекеттик сыйлыктардын лауреаттары, СССРдин баатыры, кийинчерээк Кыргызстандын баатыры наамдарын алган. ЮНЕСКОнун колдоосу боюнча алгачкы “Ысыккөл форумун” 1986-жылы уюштурган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG