Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:09

Рональд Рейганды акыркы сапарга узатуу каадасы башталды


Американын 40-президенти Рональд Рейган менен үч күндүк коштошуу аземи Вашингтондо башталды. Рональд Рейган 93 жаш курагында 5-июнда көз жумган. Анын сөөгү салынган табыт Конгресстин имаратынын жанында Капитолий дөңсөөсүндө болот. Экс-президент менен коштошууга 150 миңден ашык адам келери күтүлүүдө. Коштошуу каадасы 11-июнда Вашингтондогу чиркөөдө болмокчу. Эскерте кетели, соңку он жыл бою Рональд Рейган медицинада Альцгаймер оорусу деген ат менен белгилүү дарт менен алпурушкан.

Кечки жаңылыктарды Прагадан Чолпон Орозобекова даярдады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG