Болонья шаарында шайлоо алдында өтүп жаткан митинг учурунда бомба жарылды. Алты адам жарадар болду. Анса маалымат агенттиги билдиргенге караганда жардыргыч зат трибунанын түбүнө орнотулган. Митингде Италиянын вице премьер-министри жана “Улуттук альянс” партиясынын лидери сөз сүйлөп жаткан. Италиянын полициясы жардырууга анархисттердин жана солчул экстремисттик топтордун тиешеси бар деп боолголойт.