Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:41

Ирак мунасасын дүйнөлүк коомчулук жактырды


Бириккен улуттар уюмунун коопсуздук кеңеши Ирак боюнча резолюцияны бир добуштан кабыл алды. Ага ылайык Иракта бийлик өткөөл өкмөткө 30- июнда өткөрүлөт. Ал эми коалициянын куралдуу күчтөрү коопсуздукту камсыз кылыш үчүн 2005-жылдын аягына чейин Иракта калтырылат. Бириккен улуттар уюмунун катчысы Коффи Аннан мындай деди:

- Мен бул документ эл аралык коомчулуктун эркин билгизет деп билем. Былтыркы пикир келишпестиктер артта калды. Биз Ирак өз тагдырын өз колуна алышы үчүн бириктик.

Бул резолюция тууралуу көп мамлекеттер оң пикирлерин билдиришти. Кытайдын Бириккен улуттар уюмундагы элчиси Уанг Гуангуа кылым башындагы жетишкендик катары баалап, Кытай Ирактын экономикасын көтөрүүгө салым кошорун билдирди. Евробиримдиктин атынан Хавьер Солана болсо “бул абдан жакшы кабар” деди.

XS
SM
MD
LG