Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:41

КЕНЖЕКЕ МЕНЕН КӨРПАЯН


"Манас" жомогундагы Эртөштүктүн зайыбы Кенжеке жана Бакай карыянын байбичеси Көрпаян (Көрпөжан) жөнүндөгү баяндама. Төштүктү билсек да, Бакайды билсек да алардын кудай кошкон түгөйлөрү тууралуу толук маалымат алалы.

Кенжеке "Сакалы саадак кабындай, эки көзү каапырдын, талаалуу өрттүн жалындай, көркөмү кымбат, заары күч, желмогуздан туулган, ааламга чуулган салган" Сарыбай дөөнүн тогуз кызынын кенжеси, колунан көөрү төгүлгөн жез оймоктуу узчу. Ааламга аты угулган Эр Төштүктүн зайыбы. Жети баштуу жез кемпир Эр Төштүктүн болот өгөөсүн сыйкырлап, алып кетет. Баатырдын башына бал ээ салат. Акылкеч зайыбы Кенжеке акыл ийлеп, ой калчап, көзүнүн жашын көлдөтө, санаасы санга бөлүнө, жер астындагы барса келбес чебине баратканда кийсин деп кийимин камдап, аман көрөмбү же көрбөймүнбү деп мындайча зыркатыптыр: (Айтуучу жаш манасчы Рысбек Жумабай уулу):

- Ургаачынын узу экен,
Сарыбайдын кызы экен,
Тогуз кыздын кенжеси,
Жез оймоктуу уз экен,
Эр Төштүктүн зайыбы экен,
Бүлүнүп мүшкүл иш көргөн,
Кары катуу иш көргөн,
Жети баш кемпир желигип,
Түштүктү алып кетсем деп,
Жан тынчытпай ээлигип,
Чымыр этип тынч албай,
Чыканактап уйку албай,
Амал сактап сыйкырлап.
Бала мүшкүл салыптыр,
Мүшкүлүнүн артынан
Төштүктүн болот өгөөсүн,
Сыйкырлап кемпир алыптыр,
Балаага башы калыптыр,
Акыя-ойлор бүлүнүп,
Эр Төштүктөн түңүлүп
Чатак кылып чыр калса,
Түн эмне болот деп
Артык айла түгөнсө
Күн эмне болот деп,
Төштүк зайыбы Кенжеке,
Акыл ийлеп, ой ойлоп,
Акылдын баары төгүлүп,
Ойдун бары бөлүнүп
Көздүн жашы төгүлүп,
Эр Төштүккө муну айтып
Эс-акылдуу шумду айтып,
Санаасы санга бөлүнүп,
Ак кемпирдин кылыгы
Көзүнө мүшкүл көрүнүп,
Эр Төштүккө жалынып,
Айтып турду сабылып:
Эр сырттаны сен элең,
Эрмектүү жарың мен элем,
Киши көрбөс мүшкүлдү
Көрө турган сен белең,
Атасың тозок белине,
Катылмак болдуң Эр Төштүк
Барса келбес чебине,
Жолукмак болдуң, жолборсум,
Сапардан кайткыс жериңе,
Арстан, көк жал, тилимди ал,
Аял аты дебесең,
Чалкуйрукту миниңиз,
Аял тону дебесең,
Чайинчи тонду кийиңиз,
Бул чалкуйрук тулпарым,
Чылбыры тутам калбаса
Чындаган жоого чалдырбайт,
Чындап кырсык чалбаса,
Мингенин жоого алдырбайт,
Бул чайинги тонуңдун
Ичин жибек иштеген
Кызыл көйнөк, айга бел
Кылыгы ашык сулуулар
Кырк күн жатып тиштеген,
Толготуп жээгин бурдурдум,
Токсон мыктуу балбанга
Тогуз ай тынбай урдурдум,
Болоттон кылган шибеге,
Кум куйгузуп тундурдум,
Табылгы жакса чок өтпөйт,
Очогор атса ок өтпөйт,
Керейтип болот мадаттым,
Келтенин огун кадаттым,
Айныбай Төштүк кийсин деп,
Кармалаша кеткендин
Канын төгүп сүрсүн деп
Кажыбай тоого кирсин деп,
Белекке зайбым берген деп,
Белек кылып жүрсүн деп
Бет алып жоо кирсин деп,
Кан төгүлгөн кагышта
Кожобай көкжал жүрсүн деп,
Ат, тон камдап алыстан,
Керемет билип жүргөмүн,
Сен кайрылып келгиче, Төштүк
Санааны сандап артамын, Төштүк
Тозокту толук тартамын, Төштүк.
Мен Кенжеке чын жарың, Төштүк,
Өлүк эмес, тирүү эмес, Төштүк,
Орто жерде жүрөрмүн, Төштүк
Сен эсиме түшкөндө, Төштүк,
Жез болуп, катып күйөрмүн, Төштүк,
Өлгүчө күтүп жүрөрмүн, Төштүк - дептир.

Көрпаян (Көрпөжан) калк атасы аталган акылман Бакайдын зайыбы. Ал эпизодук кейипкер. Өзүнүн каалоосу, тандоосу менен жигиттердин ичинен Бакайды жактырып турмушка чыгат. Көрпаян улууну урматтаган, кичүүнү сыйлаган, аял затынын тазасы, акылманы. Ал Саякбай Каралаевдин айтуусунда төмөнкүчө сыпаталыптыр: (Айтуучу Асанкан Жуманалиев):

- Бакай хандын байбиче,
Эли менен элди алган,
Аалам журтка көз салган
Ширин сөздүн мөмөсү,
Ал Көрпаян байбиче
Калың журттун энеси,
Аялзаттын тазасы,
Ак жоолуктун паашасы,
Каданынан мүлкү ошол,
Калың элди тойгузган,
Жаман-жакшы байкаган,
Бал менен оозун чайкаган,
Казы кертип, жал берген,
Суусаганча аш берген,
Албан түрлүү эл көргөн,
Жаман-жакшы дебестен
Элдин баарын тең көргөн
Бөлбөй ашын тең берген,
Бакай хан журттун кемеси,
Көрпаян журттун энеси,
Журтка бүткөн берекке,
Эч ким кылбайт келекке,
Калың журттан бата алган,
Байбиче болуп аталган.
XS
SM
MD
LG