Кечээ күнү Түркияда төрт күрд саясатчысы абактан бошотулду. Күрд жоокерлери менен байланышкан деген күнөө менен алар 15 жылга эркинен ажыратылууга кесилген жана ал мөөнөттүн 10 жылын абакта өткөрдү. Алардын бири - Лейла Зана бир кезде Нобел сыйлыгына көрсөтүлгөн. Абактан чыккандан кийин Зана - Түркияда жаңы заман башталган сыяктуу деп билдирди. Күрд саясатчылары бошотулган күнү Түркиянын өкмөттүк сыналгысы аркылуу алгачкы жолу күрд тилиндеги программа көрсөтүлдү.