Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:21

Укук коргоочу райондук администрацияны сотко берди


БИШКЕК. Кыргызстандын укук коргоо кыймылынын башчысы Турсунбек Акун бүгүн Биринчи май райондук мамлекеттик администрацияны сотко берди. Укук коргоочунун арыз берүүсүнө аталган райондук администрациянын Кыргызстан укук коргоо кыймылынын үстүбүздөгү жылдын 14-июнда Бишкектеги Алатоо аянтында митинг өткөрүү тууралуу өтүнүч арызына уруксат бербегендиги себеп болгон. Райондук администрация жетекчилиги митинг өткөрүүгө уруксат бербөө себебин митинг уюштуруучулардын арызынын өлкөнүн «Тынч, куралсыз митинг өткөрүү тууралуу» мыйзамынын 5-, 6-беренелериндеги талаптарга жооп бербегендиги менен түшүндүргөн. Ал эми укук коргоочу Турсунбек Акун болсо алардын арызы Кыргызстандын мыйзам талаптарына толук жооп бергендигин айтып, райондук администрация жарандардын митингди тынч өткөрүшүнө уруксат бербей, атуулдардын Конституциялык укугун бузуп жатат деген пикирде.

XS
SM
MD
LG