Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:06

«Адилет шайлоо үчүн» биримдигинин мүчөлөрү көбөйүүдө


БИШКЕК. «Адилет шайлоо үчүн» атуулдук бирикмесине Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары Алымбай Султанов, Ишенбай Молдоташев, «Пирамида» телекомпаниясынын башкы редактору Елина Чернявская, «Учкун» гезитинин башкы редактору Абдувахаб Мониев, Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Баяман Эркинбаев мүчө болуп киришти. Буга чейин да аталган бирикмеге Кыргызстанга таанымал бир катар саясатчылар, коомдук ишмерлер мүчөлүккө киришкендигин жарыялашкан. Бул тууралуу бүгүн аталган бирикменин уюштуруучуларынын бири, Эл партиясынын башчысы Мелис Эшимканов билдирди.

«Адилет шайлоо өткөрүү үчүн» атуулдук бирикмеси 19-майда түзүлгөн. Анын төрагасы болуп, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мисир Ашыркулов, ал эми эки орун басарлыгына Адахан Мадумаров жана Марат Султанов шайланышкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG