Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:41

Сапармурат Ниязовдун Кыргызстанга келээри күтүлүүдө


БИШКЕК. Түркмөнстандын президенти Сапармурат Ниязовдун быйыл Кыргызстанга келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев Түркмөнстан межилисинин төрагасы Овезгелды Атаев менен Чолпонатадагы жолугушууда маалымдалды. Жолугушуу ЮНЕСКОнун Чолпоната конференциясынын алкагында өтүп, анда эки өлкө парламентинин алакаларын жандандыруу маселесине көңүл бурулду. Бул тууралуу бүгүн Эл өкүлдөр жыйынын маалымат кызматы кабарлады.

Түркмөнстан - Кыргызстанда дипломатиялык өкүлчүлүгү жок Борбор Азиядагы жалгыз өлкө. Кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссия да түзүлгөн эмес. Мамлекеттик ишмерлердин маалыматтарына караганда, Түркмөнбашынын сапары эки өлкөнүн кызматташтыгындагы ушул өңдүү өксүктөрдү толтурууга багытталат. Кыргызстандын мамлекет башчысы Аскар Акаев Түркмөнстанга расмий визит менен 1994-жылы барган.

XS
SM
MD
LG