Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:43

КҮН СИСТЕМАСЫНЫН ЖЕРДЕН БАШКА ОБЪЕКТТЕРИНДЕ СУУ МЕНЕН ТИРИЧИЛИКТИН ИЗИ БАР-ЖОГУ ИЛИКТЕНҮҮДӨ


«Спирит» деп аталган марсжүргү Кызыл планетада суу бар экендигин тастыктаган дагы бир далилди тапканы тууралуу жаңы кабар келди. Ал эми үстүбүздөгү жылдын соңунда Сатурндун Титан аттуу айына атайын космостук аппарат кондурулуп, бул жабдуу Титанда тиричиликтин белгилеринин бар же жок экендигин аныктамакчы.

Чынында да, шейшембиде, июндун 8инде Калифорниянын Пасадена шаарында америкалык космос иликтөө агенттиги - НАСАнын өкүлдөрү жарыялаган маалымат чоң сенсация жараткандай болду. Корнелл университетинин профессору, НАСАнын «Спирит» (Spirit) марсжүргүсү менен байланыштуу иш-аракеттерди жетектеген Стивен Сквайрз (Steven Squyres) мырзанын айтымында, бул марсжүргү Кызыл планетадагы Гусев кратеринде кыртышты бургулап жатып, андан күкүрт (sulfur) жана магнезийдин калдыгын тапкан. Бул минерал магнезий сулфаты, башкача айтканда, Эпсом тузу аттуу кошулма катары мүнөздөлсө болот.

Окумуштуулардын жоромолуна караганда, кыртыштын алдында табылган туз бир кезде кыртыш бетинде болгон суу андан сарыгып, кыртыш алдындагы минералдык кошулманы ажыратып, алардын калдыгын пайда кылган сыяктанат.

Албетте, дейт доктор Сквайрз, мында сөз тээ байыркы убакта Марстагы Гусев кратеринде өзүнчө эле көл болгон дегенди туюнтпайт, себеби анча-мынча суу болсо деле кыртышка сызылып сиңип жатып, минералдарды бузушу ыктымал.

Үстүбүздөгү жылдын башында башка бир марсжүргү – «Оппортюнити» Марстын башка бир бетинен бул планетада суу бир кезде болгону тууралуу далил тапкан. Азыркы тапта бул өзү жүрүүчү лаборатория-аппараттар иликтөөлөрүн улантууда.

Айтмакчы, аралыктан башкарылган дагы бир илимий аппарат үстүбүздөгү жылдын соңунда Титан аттуу айдын кыртышына түшүрүлмөкчү. Ушул күндөрү НАСА долбоорлогон «Кассини» (Cassini) аттуу космос кемеси Сатурн планетасынын орбитасына сүңгүп келүүдө. Бул кеме Сатурндун алгачкы жасалма жандоочусу болуп калмакчы.

«Кассини» кемеси аркылуу Сатурндун космостук чөйрөсүнө жеткириле турган аппаратты эми «титанжүргү» деп аташыбыз керек го дейм. Анткени «Хөйгенс» ("Huygens") деп аталган бул өзү жүрчү лаборатория Сатурндун планеталарынын бири жана Күн системасындагы экинчи ири ай болгон Титандын кыртышына түшүрүлүп, аны «жеринен» иликтемекчи.

Британиянын Планеталар аралык Коомунун «Спейсфлайт» ("Spaceflight") журналынын редактору Клайв Симпсон (Clive Simpson) сатурндук бул ай тууралуу мындай дейт:

- Менимче, Титан – бүткүл Күн системасындагы кызыгуу туудурган өтө айырмалуу айлардын бири. Андан метанды, же болбосо, тиричиликтин өтө жөнөкөй түрлөрүн табуу ыктымалдуулугу абдан чоң. Ушул тапта биз бир жактуу эч сөз айта албайбыз, бирок, менимче, алдыдагы алты ай биз үчүн өтө бир ажайып учур болмокчу. Биз бул аралыкта «Кассини» кемесинен да, «Хөйгенс» аппаратынан да маалымат алууга жетишмекчибиз.

Симпсондун бул жоромолун башка аалымдар да колдоого алууда. Британдык Бристол университетинин космостук инженерия боюнча адиси Марк Хемпселл (Mark Hempsell), маселен, Титан айында ото чоң көлөмдө көмүр кычкыл суутек табылып калышы ажеп эместигин «Азаттыкка» билдирди.

Айтор, быйыл да эл аралык окумуштуулар тобу космос мейкиндигинен суунун жана тиричиликтин жөнөкөй түрлөрүнүн изин табуу аракеттерин ургаалдуу улантууда.
XS
SM
MD
LG