Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:56

Чолпонатада чоң жыйын өтүүдө


БИШКЕК. Бүгүн Чолпоната шаарында «Евразия ХХI кылымда – маданияттардын диологубу же цивилациялардын кагылышуусубу?» деп аталган эл аралык конференция өз ишин баштады. Түшкө чейинки отурумунда Азия жана Европа мамлекеттеринен келген лидерлер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү дүйнөдөгү проблемаларды чечүүнүн жолдорун талкуулашты. Кабарчыбыз Кыяс Молдокасымовдун маалыматына караганда, Кыргызстандын президенти Акаев, ЮНЕСКОнун башкы директору Мацура, Тажикстандын президенти Рахмонов баштаган лидерлер, саясатчылар сүйлөштү. Алар глобалдашуу доорундагы чыр-чатактардын себептерин жана аларды четтетүүнүн жолдорун белгилешти. Түштөн кийин конференция ишин секцияларда улантты. Ал эми кечинде «Маңкурт» аттуу кинотасманын бетачары болду.

Конференцияга 20 чамалаш өлкөдөн саясатчылар, окумуштуулар, эксперттер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Эл аралык форум ишинин акырында өнүгүү концепциясын кабыл алары күтүлүп жатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG