Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:43

АЛДЫҢКЫ ӨЛКӨЛӨР ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШТА ЖАНА АФРИКАДА ДЕМОКРАТИЯ ЖАЙЫЛТА АЛАБЫ?


Кошмо Штаттарда өтүп жаткан "Чоң сегиз" тобунун саммитинде Жакынкы Чыгыштагы жана Түндүк Африкадагы демократиялык реформалар жөнүндөгү декларацияга кол коюлду. Бирок айрым аналитиктер АКШ президенти Жорж Буш сунуш кылган бул планды турмушка ашыруу өтө кыйын деп эсептешет.

Шаршембиде кечинде кол коюлган саясий декларация Вашингтондун демилгеси боюнча жаралган. Бирок анын мазмунун кийин "Чоң сегиз" тобуна кирген алдыңкы европалык өлкөлөр өзгөртүп, байытышты. Атап айтканда, европалык лидерлер Жакынкы Чыгыш, Түндүк Африка, ошондой эле Пакистан менен Ооганстанда да демократиялык реформаларды ишке ашыруу сунушу - бул мамлекеттерге сырттан таңууланбастан, ички муктаждыктардан келип чыгышы керектигине басым жасашты.

Бул пикирди Франциянын президенти Жак Ширак:

- Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка Батыштан барган демократияны көксөп-каалаган жери жок. Кандай болбосун план аларга өз келечегин өз алдынча аныктаганга мүмкүндүк бериши керек, - деген сөздөрү менен бекемдеди.


Европалык лидерлер АКШ документин жумшартып, ийкемдүү кылууга аракет кылганы менен, андагы башкы максаттар – Жакынкы Чыгышка, Түндүк Африкага демократияны жайылтуу, мыйзамдардын үстөмдүгүн жана адилет башкарууну орнотуу, улуттук азчылыктар менен аялдардын укуктарын кеңейтүү, билим берүүнү өрчүтүү бойдон калды.

"Азаттыктын" кабарчысы менен маектешкен аналитиктердин басымдуу бөлүгү бул декларацияда айтылгандар жакынкы келечекте ишке ашаарынан күмөн санашат. Вашингтондогу тышкы саясатты изилдөө институтунун вице-президенти Дэниелле Плетка ага тоскоолдук кылчу нерселер көп деп эсептейт:

- Мен бул демилге кандайдыр жемиш берерине ишенбейм. Албетте, мындай аракетти АКШ президенти түртмөлөп жатканы дурус, документ Вашингтондун соңку жарым жыл ичинде Жакынкы Чыгышта жүргүзгөн иш-аракеттеринин ниетин ачып көрсөтөт. Бирок документ бир жагынан "Чоң сегизге" кирген алдыңкы европалык өлкөлөр кол койгудай мүнөздө жазылышы керек. Экинчи жагынан, араб өлкөлөрүн башкарып жаткан диктаторлор да катуу таарынбагандай болушу зарыл. Ошентип отуруп, аягында биз каалагандай көп нерселерге жетүү кыйын.


Кошмо Штаттардын башкалаасында жайгашкан Жакынкы Чыгыш институтунун эксперти, теги Сириялык Мурхат Жуажати да "Чоң сегиздин" жыйынында каралган программадан майнап чыгарына көзү жетпээрин айтат. Бирок анын пикири боюнча, буга башкы себеп – президент Буштун саясаты:

- Менимче, Жакынкы Чыгышта кандайдыр бир өзгөрүүлөр болсо, алар сырттан жасалган чоң кысымдын алдында да гана ишке ашышы мүмкүн. Буга байланыштуу XIX кылымдын экинчи жарымында түрктөрдүн Осмон империясына Европа көрсөткөн чоң таасирди айтсак болот. Араб өлкөлөрү азыркыдай өтө алсыз граждандык коому менен кандайдыр алдыңкы өзгөрүүлөргө жетишет деп айтууга ооз барбайт. Бирок региондо азыркы АКШ жетекчилигинин демилгелерине ишенич калбай калды. Айрыкча Вашингтондун ачыктан-ачык Израилди колдогон саясатынан улам анын жаңы демилгеси эч кандай жандануу жаратпаары айкын.


АКШнын Жоржия штатында бейшембиде аяктап жаткан саммитте Америка, Улуу Британия, Канада, Франция, Германия, Италия, Жапония жана Орусиянын лидерлери Жакынкы Чыгыштын, Түндүк Африканын келечегине арналган эки декларация, Ирак жана Судандагы кырдаал, жөөт-палестин чатагы боюнча билдирүүлөр кабыл алышты. Андан тышкары Африкадагы беш өлкөнүн жетекчилери менен континентте эл аралык бейпилдик күчтөрүн бекемдеп, аларга жардам көрсөтүү маселелерин талкуулашты.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG