Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:27

КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТ ОЙЛОНУУДА, СӨЗ ЭРКИНДИГИНЕ ДЕПУТАТТАРДЫН КӨБҮ КАРШЫ, УЛУТТУН ТИЛИ МЕНЕН РУХИЙ ДӨӨЛӨТҮ


«Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюму Конституциялык сотко кайрылды. Уюмдун жетекчисинин пикиринде, жыйын, жөө жүрүш, пикет өткөрүүнүн жол-жобосун аныктаган мыйзамдын айрым беренелери Конституияга каршы келет. Парламент депутаттары журналисттердин укугун коргогон мыйзам долбоорун кабыл алуудан баш тартышты.

Конституциялык сот жарандардын тынч жыйын өткөрүү, жөө жүрүш уюштуруу укугун тескеген мыйзам Башмыйзамга каршы келер-келбесин аныктап чыгууга бел байлаганын бейшемби күнкү «МСН» гезити жазды. Сотко «Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова кайрылган.

Кечээ Ысыккөлдө жаңы кылымдагы Евразиянын маданияты менен цивилизациясынын орчун проблемаларын козгогон эларалык конференция башталганын «Вечерний Бишкек» гезити жазды. Жыйындын ачылышында сүйлөгөн Кыргызстандын президенти Аскар Акаев Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк адабияттагы ордун белгилеп ага алтын медаль тапшырды, деп маалымдайт гезит кабарчысы Юрий Александров.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары Кыргызстандагы сөз эркиндигине каршы добуш беришкенин бейшембидеги «Трибуна» гезитинде Ырысбек Өмүрзаков жазды. Палатанын 22 депутаты гана Кылмыш кодексинен журналисттерди үч жылга чейин эркинен ажыратчу 127-беренесин өзгөртүп, түрмөгө отургузуунун ордуна оор айыппул салуу сунушун колдоп, калганы добуш бербей четке чыга беришкен.

Ушул эле автордун экинчи бир макаласы ички иштер министрлигин реформалоо проблемасына арналган. «Ички иштер министрлик системасы криминал менен ушунчалык чырмалышып алган, кайсы жерде «мент-авторитет», кайсы жерде криминал-авторитет экенин ажыратыш кыйын»,- деп жазат Ы.Өмүрзаков.

Парламент депутаттары журналисттердин укугун коргогон мыйзам долбоорун колдобой коюшканына жума күнкү «Аалам» гезитинде Кенжебек Арыкбаев токтолду. Анын «Тосмо – 127» деген макаласында депутаттардын кимиси кандай позицияны карманаары тууралуу кеп болот.

Басылмада Аида Надырбекованын «Эл бийлиги үчүн» шайлоо биримдиги парламент депутаты Курманбек Бакиевдин президентке талапкерлигин колдой турганын маалымдаган макаласына да орун берилген. Кыргызды улут катары сактап калчу күч - эне тили, рухий дөөлөтү. Гезитте мына ушул темага арналган кеңири материал жарыяланган.

«Агым» гезитинин бүгүнкү санында кандай маселелер козголгонун басылманын жооптуу катчысы Гүласыйна Каленова айтып берет:

- «Дүйнөлүк банк сыйыртмакпы же сунулган колбу?» деген Шайлообек Назаралиевдин макаласы жарыяланды. Майлуусуу шаарындагы уран калдыктары кандай коркунуч алып келет? Мамат Сабыровдун «Көк ажыдаар качан ойгонот?» деген макаласы мына ушул проблемага арналган. Жогорку Кеңештин төрагасы Абдыганы Эркебаевдин маеги жарыяланууда. Алым Токтомушев Египеттен алган таасирлери жөнүндө ой бөлүшөт.

«Кыргыз руху» гезитинде жарыяланган материалдар менен басылманын башкы редакторунун орунбасары Тенти Орокчиев тааныштырат:

- Ырысбай Карасартовдун «Көкбөрү» деген макаласы жарыяланды. Анда көкбөрү оюну тууралуу эмес, азыртан башталып калган саясий оюн тууралуу кеп болот. Жалалабаддык кабарчыбыз Анаркан Жаңыбаева эмнеликтен парламентте аялдар аз экендиги тууралуу ой жүгүртөт. Анын макаласы да жарыяланды.

Сөз «Бишкек таймс» гезитинин башкы редакторунун орунбасары Эмилбек Момуновдо:

- Депутаттар сотко төлөнчү мамлекеттик пошлинаны доо-арызда көрсөтүлгөн акчанын 5% чейин көтөрүүчү мыйзамга каршы чыкканы тууралуу макала жарыяланды. «Түндүкэлектр» ишканасынын сатылышы жөнүндө сөздөр жүрүп атат. Ушул маселенин чоо-жайын, дегеле, энергетика тармагындагы жагдай жөнүндө гезит окурмандары менен парламент депутаты Жаныш Рүстөмбеков ой жүгүрткөн. Эмнеликтен оппозициячыл саясатчылардын айрымдары Мисир Ашыркуловду жерип жатышканына кабарчыбыз Бактияр Шаматов токтолгон. Анын ой жүгүртүүсү да гезиттин жаңы санында жарыяланды.
XS
SM
MD
LG