Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:33

“НУРЧУ” КЫЙМЫЛЫ ИСЛАМДЫ РЕФОРМАЛООНУ КӨЗДӨЙТ


Сапар Орозбаков, Прага Ислам менен мамлекеттин карым-катнашы жөнүндө сөз болгондо, адатта секулярдык Түркияны башка мусулман өлкөлөрүнө үлгү катары көрсөтүшөт. Түркияда пайда болгон “Нурчу” аттуу кыймыл исламды реформалоону, аны азыркы күндүн талабына ылайыкташтырып кайра түзүүнү көздөйт. Анын негиздөөчүүсү Фетхулла Гүлен. Түркияда Гүлендин миллиондогон жолдоочулары бар. Башка өлкөлөрдө да бул кыймылды көптөгөн адамдар колдошот.

“Нурчу” аттуу ислам кыймылынын башаты Сайид Бедиу-Заман Нурсинин окуусунда жатат. Нурси - улуту боюнча күрт. 1893-жылы туулган. Ал өзүнүн окуусунда дин адамзат үчүн маанилүү экендигин баса белгилеген.

Нурси 44 жашында каза болгондон кийин, анын окуучулары бир нече топко бөлүнүп кетишкен. Алардын негизгиси Фетхулла Гүлендин тобу. Гүлендин Түркияда 3 миллиондой жолдоочусу бар. Анын жакточулары башка өлкөлөрдө да көп.

Гулендин кыймылынын башка мусулмандардан айырмачылыгы жөнүндө коомчулукта бир пикир жок. Айрым эксперттер анын өзгөчөлүгүн мүнөздөөдө “кайра жаралууну жактоочу” деген сөздү колдонушат. Бирок башкалар буга макул эмес. Римдеги христиандар коомунун диндер аралык алакалар боюнча катчысы Томас Мишел “кайра жаралуу” деген сөз чаташтырууга алып келерин белгилейт:

- Мен “кайра жаралуу” деп айтпас элем. Анткени бул термин аны башка кыймылдардан кандайдыр бир деңгээлде эмоциалдуулук менен айырмалай турган термин. Бул кыймыл – “кайра жаралуунун” бир нерсеге кайра келүү деген маанисинде колдонулган кыймыл эмес. Ал динди жактоонун бүгүнкү жолу. Гүлен жана анын тарапкерлери бүгүнкү күндө жашап турушкандыктарын жакшы түшүнүшөт. Бүгүнкү күнү кантип диндин жактоочусу болуш керек? Гүлендин кыймылы – мезгилдин талабы ылайыкташкан кыймыл .

Гүлен өзүнүн устаты, Нурси сыяктуу эле, Түркиянын консервативдүү жана улутчул региону болуп эсептелген Чыгыш Анатолияда туулган. 1950–жылдардын башында медреседе билим алгандан кийин мамлекеттин дайындоосу менен имам болуп иштеген. Дарс окуп жан баккан. 1960-жылдардын ортосунда Гүлен Измирге которулат. Ал жерде ал “Фетхулланын коому” же “Фетхулланын жактоочуларынын коому” аттуу коом түзөт.

1970-жылдары ал исламдык көз караштарды жайылтты деп айыпталып, 7 ай абакка отуруп чыгат. 1980-жылы Түркияда аскерий төңкөрүш болуп, аскерий жетекчилик өлкөдө өсүп бараткан коммунизм идеяларына ислам динин каршы койгон саясат жүргүзөт. Гүлен жаңы жетекчиликти колдоп чыгат. Буга карабай Түркиянын аскерий жетекчилиги 1980-жылдардын башында Гүленди дин идеяларын таратты деп айыптайт. Бул жолу бийлик аны камоого албай, анын АКШга чыгып кетүүсүнө уруксат берген.

Гүлен ошентип азыр бирде АКШда, бирде Түркияда жүрөт. 66 жашка чыккан улама дин жөнүндө өз оюн жазып, кез-кезде журналисттерге интервью бере коюп, жарым-жартылай элден безген өмүр сүрүп жатат.

Президент Тургут Озалдын учурунда башталган саясий жана экономикалык эркиндик 1980-жылдардын аягында Гүлендин кыймылынын өсүп-өнүгүшүнө жана анын Түркияда эң зор диний-социалдык кыймылга айлануусуна мүмкүндүк берет. “Нурчу” коому “Заман жолу” телеканалын,”Заман” гезитин, “Акцион” журналын жана башка басылмаларды бириктирген массалык маалымат каражаттардын империясын түзгөн. Анын өзүнүн банкы да бар. Коомду колдоого алып, аны каржы менен камсыз кылып турушкан ишкерлер да көп.

Мишел мырза Гүлендин исламды илим жана азыркы турмуш менен байланыштыруу аракеттери билимге умтулган азыркы жаштарга багытталгандыгын белгилейт:

- Билим окуп-үйрөнүүсүз мүмкүн болбогондуктан, ким окууну жана окутууну унутса, ал тирүү басып жүргөн менен өлгөн адамга барабар. Адам баласы окуп-үйрөнүү үчүн жаралгандыктан, билген нерсеңерди башкаларга үйрөткүлө. Ким туура ойлоно алса гана туура чечим кабыл алат. Тунук жана бай ойдун булагы - илим жана билим. Ошондуктан илимсиз жана билимсиз ой туура иш кылууга мүмкүнчүлүк бербейт. Ал адашкан жана жалган иш.

Билим менен илимди пир туткан Нурсинин жолун жолдогон Гүлен азыркы күндүн талабына жооп берген мусулмандардын жаңы муунун өстүрүп чыгарса болот деп эсептейт. Ал бул муунду “алтын муун” же “алтын насил” деп атайт. Анын оюнча, жаңы муун коомдогу адептүүлүктү өзүнө сиңирип алып, бүтүндөй мамлекетке таасир бере ала турган муун болуш керек.

Гүлен өзүнүн билим берүүнү өркүндөтүүгө байланыштуу долбоорлорун Измирде жүргөн кезде эле баштаган болчу. Ал окуучулардын университетке кирүүсүнө жардам көрсөткөн билим берүү борборлорун ачкан. Түркияда Гүлендин жактоочуларынын азыр 150 мектеби бар. Бул мектептер мамлекеттин катуу көзөмөлүндө иштешет. Алар мамлекеттик мектептер сыяктуу эле, окууну дин сабагысыз жүргүзүшөт. Алардын мамлекеттик мектептердин айырмачылыгы – анын окуучуларга сапаттуу билим берип, адептүүлүккө жана илимге умтулууга тарбиялоого басым жасаганында. Мишел мырза Гүлендин билим жөнүндө көз карашы мезгилдин талабына жооп берген көз караш экендигин белгилейт:

- Гүлен, албетте, билим алуунун маанисин баса белгилейт. Менин оюмча, маселе, түрктөрдүн өткөн кылымдагы тарыхы көрсөткөндөй, түрктөр, баардык мусулмандар сыяктуу, бир түрдүү гана билим ала алышканында болуп жатат. Түрктөр сопулардын мектебине барышкан. Ал жерде дин окууларына үйрөткөнү менен, азыркы турмушка зарыл кесиптерди окуткан эмес. Же алар аскер мектептерине барышкан. Ал жерде тартипке үйрөтүп, бирок адептүүлүккө анча окута алган эмес. Же алар мамлекеттик мектептерге барышып, илим үйрөнүшкөн. Бирок адамдын мүнөзүнүн калыптануусуна жардам берген билим ала алышкан эмес. Гүлендин идеясы - ушулардын баарын өзүнө камтыган билим берүү программасын камсыз кылууга аракет кылып көрүү болгон.

Сабырдуулукка жана бөлөк бирөөлөрдүн пикирине кулак салууга жасалган чакырык анын студенттерге окуган дарстарынын өзөгүн түзөт. Ал бөлөк динди туткан адамдарды сыйлоого жана алар менен алака түзүүгө үйрөтөт. Дин аралык байланыштарды чыңдоо иретинде Гулен Түркиядагы христиандардын жана еврейлердин коомдорунун жетекчилери менен такай жолугушуп турат. Аны бир нече жыл мурун Рим папасы Иоан Павел да кабыл алган.

Бирок айрым экспертер Гүлендин сабырдуулуук жөнүндө идеясынан күмөн санашат. Юта университетинин окутуучусу, Гүлендин уюмунун идеологдорунун бири Хакан Явуз мамлекетке таянган Гүлен улутчулдукка чек койгондугун белгилейт:

- Сабырдуулук дегенде ар ким анын чеги барбы деп ойлойт. Алинин жактоочулары шийилерге сабырдуулук кылса болобу? Күрттөрдүн укугуна сабырдуулук кылса болобу? Лесбиян аялдарга сабырдуулук кылса болобу? Сабырдуулуктун чеги кайда? Дин улутчулдукка кошулуп кетсе, тилекке каршы, ал өзүмчүлдүктөн жумшак болбойт.

Гүлендин Түркиянын мурдагы президенти Тургут Озал, мурдагы премьер-министри Тансу Чиллер өңдүү саясатчылар менен байланышы бар экендигине карабай, Түркиянын көп адамдары жана аскер кызматчылары анын мектептерине ишенбөөчүлүк менен карашып, анын түпкү максаты шарияттын негизинде башкарылган ислам мамлекетин куруу деп шек санашат. Башкалар болсо мындай күмөн саноого негиз жок деп эсептешип, Гүлендин уюмдары саясатка кийлигишпеген мекеме дешет. Бул топ саясий исламга байланышы жок деген менен, Яваз анын саясий макасаты жок деген пикирди төгүнгө чыгарат:

- Мен кыймыл саясатка көңүл кош деп айта албайм. Анткени мен ал жаңы муунду түзүүнү жана коомду өзгөртүүнү максат кылат деп ойлойм. Эгерде сиз коомду өзгөртсөңүз, коом мамлекетти өзгөртсө, коомду көзөмөлдөгөн адам аң-сезимди башкаруу жагынан алып караганда, бул келечекте өз адамдарын өкмөткө түртүү аракети – саясий иш. Бирок бул - Түркиядагы айрым радикалдык ислам уюмдарынан айырмаланып максатка жетүүнүн саясий эмес жолу. Бул саясий эмес ислам. Ал партиялар аркылуу иш жүргүзбөйт. Ал коомду исламдаштыруу максатына массалык маалымат каражаттардын, билим берүү уюмдарынын, социалдык уюмдардын жардамы менен жетүүнү көздөйт. Максаты - исламдаштыруу, бирок аны ишке ашыруу куралы башка.

Түркиялык окумуштуулар Бүлент Араш жана Өмер Чаха Гүлендин максатын, башкалар менен бирге, түрк улутчуларын мусулман идеологиясына тартууга жасалган аракет деп мүнөздөшөт. Явуздын пикири боюнча, Гулендин кыймылы Испаниялык диктатор Франциско Франконун тушунда пайда болгон католиктик Опус Деи уюмуна окшош. Гүлендин жактоочулары, Опус Деи уюмунун мүчөлөрү сыяктуу эле кудайга жана элге кызмат кылууга ант беришет. Испандык консервативдик уюмга окшоп, Гүлендин көп сырлуу тобу Түрк мамлекетине таасир берүүнүн жолдорун издейт.

Акырында айта кетчү нерсе – “Нурчу” кыймылы башында жөн эле улутчул кыймыл катары пайда болгон менен, Опус Деиден өзүнүн көптөгөн жактоочуларын тапкан миссионердик ишмердүүлүгү менен айырмаланат. Борбор Азиялыктарга “нурчулардын” жакындыгын айрым адистер тээ орто кылымдарда Борбордук Азияда тараган суфийлик философиялык агымдын көптөгөн идеяларына “нурчулардын” көз карашынын үндөштүгү менен да түшүндүрүшүүдө.
XS
SM
MD
LG