Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:32

ПИКЕТ, МИТИНГДЕРДИ ТЫНЧ ӨТКӨРҮҮГӨ КЫРГЫЗСТАНДА УРУКСАТ БЕРИЛБЕЙТ


Кыргызстанда бийлик тарабынан жарандарга тынч чогулууга жана пикет, митинг сыяктуу нааразылык акцияларын өткөрүүгө уруксат берилбей келе жатат. Ошондуктан пикеттер өтсө да алар дайыма уруксатсыз өткөрүлүп жатат деген дооматтар бийлик тарабынан коюлуп келет. Укук коргоочулардын айтуусунда, жергиликтүү бийлик жарандарга саясий мүнөздөгү гана эмес, социалдык-экономикалык маанидеги нааразылык акцияларын өткөрүүгө да тыюу салууда. 9-июнь күнү Бишкекте дагы бир уруксат берилбеген пикет болуп өттү. Талас облусунун Жонарык айлынан келген Афтандил Тынышев үй-бүлөсү менен Өкмөт үйүнүн алдына пикетке чыкты. Анын жергиликтүү жетекчиликке пикет өткөрүү үчүн уруксат сурап кайрылганынан пайда чыккан эмес, ошондуктан ал уруксатсыз пикетке чыгууга аргасыз болгон.

Талас облусунун Жонарык айлынын жашоочусу Афтандил Тынышевдин минтип Өкмөт үйүнүн алдына үй-бүлөсү менен пикетке чыгуусуна анын өзүнүн айтымында, акыйкаттын жоктугу себеп болгон.

Ал 1996-жылы ноябрь айында мурунку Нуржан колхозунан бөлүнүп чыккан «Таабалды» дыйкан чарбасына таандык кашарды сатып алган. Бирок 1997-жылы «Таабалды» дыйкан чарбасынын жетекчисинин арызынын негизинде райондук арбитраждык сот кашарды кайра алуу чечимин чыгарган. Бул чечимди мыйзамсыз деп санаган Тынышевдердин үй-бүлөсү аны далилдөө үчүн алты жылдан бери өлкөдөгү бардык сот бутактарына кайрылып, адилеттик таппай келе жатышат. Акыры Афтандил Тынышев жогорку бийликке арызын жеткируу максатында Өкмөт үйүнүн алдына пикетке чыгууну туура көргөн.

Бирок анын Биринчи Май райондук жетекчилигине пикет өткөрүүгө уруксат сурап кайрылганынан пайда чыккан эмес:

- Жогорку соттон эч кандай жыйынтык чыкпаганынан айла жок пикетке чыктым. Мен Биринчи май районунун акими Саккараевге арыз да жазып, өзүнө да кирип кайрылгам. Эртеси күнү телефон чалып чакырып, эч кандай пикетке чыгууга болбойт. Ак үйдүн алдына пикетке чык деп биз сага кантип уруксат беребиз деп айтты. Мен ошол жерлен эле «уруксат берсеңер да, бербесеңер да чыгам. Мен мыйзам боюнча кайрылып, арыз бердим» деп айттым. Ошентип уруксатсыз пикетке чыгууга туура келди,- дейт Афтандил Тынышев.

Ал эми Токмок шаарынан келип, Өкмөт үйүнүн алдына пикетке чыгуу үчүн бир нече жолу Биринчи май районунун жетекчилигине арыз жолдоп, уруксат алалбаган Дербишаалы Сыдыгалиев акырында аталган райондун жетекчилигин сотко берүүгө аргасыз болгон. Анын айтымында, Токмок шаарындагы 450 бала машыгуу өткөрүп жүргөн эки спорт зал өткөн жылы жеке адамдарга сатылып кетип, балдар машыгууга жай жок калышкан. Ошондо 60тан ашуун ата-энелер балдары менен облустук акимчиликтин алдына нааразылык пикетке чыгышат. Бирок жергиликтүү бийлик туура эмес чыктыңар деп, бир нече кишини админстративдик жоопкерчиликке тарткан. Адилеттик болбогонуна нааразы болгон ата-энелер Өкмөт үйүнүн алдына пикетке чыгууга аракет кылып, Биринчи Май райондук жетекчилигине 4-июнь күнү пикет өткөрүүгө уруксат сурап кайрылышкан. Бирок оң жооп алалышкан эмес.Андан кийин дагы эки жолу: 6-июнь жана 9-июнь күндөрү тынч пикет өткөрүүгө уруксат сурап кайрылганына район жетекчилиги уруксат берген эмес.

- Биз президент Акаевге беш жолу кайрылуу жаздык. Бирок биз жазган каттар президентке жетпей жатат. Өзүбүздүн талабыбызды Акаевге жеткирүү үчүн пикетке чыгуу үчүн уруксат сурап, үч жолу Биринчи Май райондук акимчилигине арыз менен кайрылдык. Үч жолу тең мага оң жооп берилген жок. Ошондуктан 9-июнь күнү Биринчи Май райондук жетекчилигин мага пикет өткөрүүгө мыйзамга ылайыксыз түрдө уруксат бербегендиги үчүн сотко бердим, - деди Дербишаалы Сыдыгалиев.

Пикет – жарандардын акыйкаттык жана адилеттик таппай айласы кетип, бийликке датын жеткирүүгө кылган бир чарасы экендигин укук коргоочу Азиза Абдурасулова белгилейт. Ал жергиликтүү бийлик жетекчилери тарабынан саясий мунөздөгү гана эмес, социалдык-экономикалык маанидеги пикетке чыгууга да уруксат берилбей жаткандыгына нааразы:

- Пикетке, митингге эл жыргаганынан чыкпайт. Кандайдыр бир зарыл көйгөйүн, чечилбеген маселесин бүтүрүүгө аракеттенип, үмүт кылып, айласыздан чыгышат. Кыргызстан адам укугун коргоо боюнча бирнече эл аралык келишимдерге кол коюп, өзүнө бир топ милдеттенмелерди алган. Ошону аткарыш керек. Адамдардын эркин жыйындарга болгон укугу демократиянын негизги принциптеринин бири болуп эсептелет. Жок дегенде ушуну сакташы керек эле.

Пикет, митинг өткөрүү боюнча уруксат берүү тартиби тууралуу сурап, Биринчи Май райондук жетекчилигине кайрылууга жасаган аракетибиз оңунан чыккан жок.

Ал эми Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин коомдук тартипти көзөмөлдөө боюнча орун басары Петр Тяблин милиция пикет-митингге уруксат берүү иштерине кийлигише албасын, болгону тартипти сактоону гана көзөмөлдөөрүн айтты.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG