Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:24

Бүгүн Евробиримдиктин мыйзам чыгаруу органына депутаттарды шайлоо башталды


25 мамлекеттин 350 миллиондой добуш берүүчүлөрү алдынкы 4 күндүн ичинде 732 орунду Европараламентке өз өкүлдөрүн шайлашат. Бүгүн шайлоо берүү участкалары Британия менен Голландияда ачылды. Еврокомиссиянын мүчөсү Фритц Болкерштейн Голландия жетекчилигин сынга алды. Амстердам шайлоонун жыйынтыгын добуш берүү аяктагандан кийин дароо жарыялоону чечти.
Болкерштейн Нидерланды башка мүчө-мамлекеттердеги добуш берүүчүлөргө таасир этүүгө жол бербеш үчүн жекшембиге чейин күтүүгө тийиш эле деди. Еврокомиссия макулдашууну бузгандыгы үчүн Амстердамга каршы чара көрүшү ыктымал.
Европарламент биримдиктин бюджетин жактырат, соода, айлана-чөйрөнү коргоо жана башка тармактардагы мыйзамдырды көзөмөлдөп турат.

XS
SM
MD
LG