Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:23

Алханов чечен президенттигине талапкер катары көрсөтүлдү


Чеченстандын президенти маркум Ахмад Кадыровдун колдоочулары жумурияттын мамлекет башчылыгына талапкер катары ички иштер министри Алу Алхановду көрсөтүштү. Алханов бул кызматта былтыркы август айынан бери иштеп келатат. Ал Кадыровдун эң лоялдуу жактоочусу катары белгилүү. Алханов президенттик үчүн ат салышууга макулдугун берет деп болжолдонууда.

Кадыровдун өмүрүнө кол салуу үчүн шектелген 2 киши кармалганы маалымдалган.
Россиянын баш прокурорунун орун басары Сергей Фридинскинин ырастоосунда, кармалгандардын экөө тең жумурияттын тургундары, алар Кадыровдун көзүн тазалоого катышышканын мойнуна алышты.

9-майда Грозныйдын стадионунда жарылган бомбадан Кадыров каза тапкан. Президент менен кошо дагы 5 киши набыт болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG