Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:49

Садрдын согушкерлери менен полиция кагылышты


Нажаф шаарында радикал шийилердин лидери Муктада Садрга лоялдуу күчтөр менен жергиликтүү полиция ортосунда кагылыш болгону маалымдалды.
Шаардагы оорукананын өкүлдөрү уруш маалында кеминде 2 киши окко учканын, жыйырмадайы, - анын арасында карапайым кишилер, - жарадар болгонун билдиришти. Соңку кагылыш түн ичинде полиция Садрдын колдоочуларынын бир тобун камакка алууга аракеттенгенде башталган. Ирактын полициясы аткылашууга америкалык аскерлер катышкан жок деп кабарлады.

Өткөн аптада Садр шийилердин карыялары менен кеңешип туруп, ыйык шаардан чегинээрин жарыялаган эле. Бирок калаанын борборундагы бир катар жайлар согушкерлердин колунда кала берүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG