Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:38

ЧЕЧЕН ЖИКЧИЛЕРИНЕ КОЮЛГАН УЛЬТИМАТУМДУН МӨӨНӨТҮ АЯКТАДЫ


Төрөкул Дооров, Москва 7-июнда Чеченстандын биринчи вице-премьери Рамазан Кадыров республикалык телеканал аркылуу жикчилдерге ультиматум жарыялаган. Анын талабына ылайык жоочулар үч күндүн ичинде республиканын укук коргоо органдарына келишип, куралдарын тапшырышы керек болчу. Рамазан Кадыровдун талабынын мөөнөтү 10-июнда аяктады. Натыйжасы кандай?

Негизи, айта кетүүчү маанилүү жагдай – Чеченстанда ушул жылдын күзүндө өтүүчү президенттик шайлоодо Кремль кимдин талапкердигин колдой тургандыгын өзү үчүн аныктап алды көрүнөт. Жергиликтүү байкоочулардын божомолдоруна ылайык, алдыдагы шайлоодо ырасмий Москва учурда Чеченстандын ички иштер министрилигин жетектеп турган Алу Алхановду колдой тургандыгы айкын.

Акыркы күндөрү Орусиядагы маалымат каражаттарында Чеченстандын ички иштер министрлигинин ишмердүүлүгүн ар кайсыл өңүттө чагылдырган кабарлар байма-бай берилип турат. Алардагы башкы окшоштук – министр Алу Алхановдун мыкты образы. Ал аталган макалаларда жана берүүлөрдө республикадагы укук коргоо органдарына, же чечен милициясына эле эмес, эл турмушунда орун алып жаткан дээрлик баардык суроолор боюнча ой-пикирлери менен кеңири бөлүшөт.

- Ушул тапта республикадагы башкы милдет – казынаны толтуруп, эл турмушун жакшыртуу. Жергиликтүү милициянын катары улам кеңейип жатат, элде укук коргоо органдарына болгон ишеним арта баштады.

Мындай деген А.Алхановдун талапкердигин колдоо максатын көздөгөн митингдер менен жыйындар республиканын бир катар аймактарында өтүп жатат. Ал эми министр өзү азырынча бул тууралуу жеке оюн билдире элек.

Президенттик так үчүн күрөшүүнү каалагандар 14-майга чейин республиканын шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылууга тийиш. Ушул тапта 6 адам өздөрүнүн арыздарын шайлоо комиссиясына беришти. Алар: москвалык бизнесмен Малик Сайдуллаев, Ростов областынын тургуну Зайналабидов, Чеченстандагы Урус-Мартан райондук администрациясынын кызматкери Мариет Горчханова, Чеченстан президентинин кеңешчиси Вахид Висаев, ошондой эле, юрист Адам Эдилов менен профессор Султан Айсханов.

Чечен жериндеги согуштан жапа тарткандарга мүлкүн кайтарып берүү боюнча мамлекеттик комиссия 6 млрд. рубль акчаны өзүнүн кызыкчылыгына иштетип жибергендиги маалым болду.

Чеченстандын президентинин милдетин аткаруучу Сергей Абрамов комиссиянын ишинин төмөн деңгээлин мисалга келтирип, анын төрагасы Абубакир Байбатыровду кызмат оордунан бошотуу тууралуу жардыгын чыгарды:

- Эми комиссиянын курамы өзгөрмөкчү. Комиссия ишин токтотуп койгон жок, согуштан жапа тарткандарга мүлкүн кайтаруу үчүн бөлүнгөн каражат сөзсүз кайтарылып берилет.

Ал эми Чеченстандын биринчи вице-премьери, 9-майда болгон жардыруудан каза тапкан президент Ахмад Кадыровдун уулу Рамазан Кадыров дүйшөмбү күнү жергиликтүү телеканал аркылуу жикчилдерге жолдогон кайрылуусун натыйжалуу болду деп эсептейт.

Чеченстандын прокурорунун орун басары Александр Никитиндин айтымында, ушул үч күн ичинде бир нече жоочу укук коргоо органдарына келип, куралдарын ташташты. Бирок А.Никитин куралын таштагандардын так санын айткан жок.

XS
SM
MD
LG