Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:33

ЭЛДИК КҮҮ "САРИНЖИ БӨКӨЙ"


Комуз, кыл кыяк музыкасындагы эң байыркы жанрдын бири - эпикалык (дастан) күүлөрү. Алардын чыгышына, өнүгүшүнө дастандардын элге кеңири тараган обондору, кызыктуу окуялары соолбос булак болгон. Алардын бири - "Саринжи-Бөкөй".

Арийне, залкар комузчулар, кыл кыякчылар баатырдык жомок "Манасты" жана кенже дастандар "Курманбек", "Олжобай менен Кишимжан", "Саринжи-Бөкөй", "Кожожаш", "Карагул ботом" жана башкаларды бериле эргий угуу менен алардын эң бир кызыктуу обондордун атайын комуз, кыл кыяк үчүн иштеп чыгышкан. Алардын айрымдарын кара күү түрүндө чертишсе, кээ бирлерин обонго салып ырдап чертишкен. Теги жагынан социалдык-турмуштук дастандарга кирген "Саринжи-Бөкөйдүн" ойлуу, муңайынкы маанайдагы обонун алгачкылардан залкар комузчу Болуш Мадазимов угуучуларга тартуулаган эле. Кезинде угармандар жакшы кабыл алышкан эле.

Композитор, дирижер, эл артисти Эсенгул Жумабаев, Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестри, "Камбаркан" этнографиялык-фольклордук ансамбль үчүн ырсыз эле кара күү түрүндө иштеп да чыкты. Күүдө элдүүлүк, кайрыктарындагы ажардуулук, мукамдуулук журтчулукту өзүнө тартып, алардын кастарына татыды.

Кезегинде "Саринжи Бөкөйдү" эл артисти маркум Болуш Мадазимов баяндап черткен эле. Анын аткаруучулук таланты дастандын ажарын ачкан.
XS
SM
MD
LG