Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:03

Таласта жаштардын форуму өттү


ТАЛАС. 11-июндагы форумду ЕККУнун долбоорун утуп алган “Репродуктивдүү ден-соолук боюнча альянс” коомдук бирикмесинин Таластагы бөлүмү өткөрүп, облустук администрация каржы жагынан колдоо көрсөттү. Форумдун ачылышында облустун губернатору Искендер Айдаралиев, укук коргоо, билим берүү, саламаттык сактоо кызматкерлери, акыйкатчынын аймактагы өкүлү, жаштар лидерлери сөз сүйлөштү. Алар жаштарды алдыдагы шайлоолорго активдүү катышуусун, айыл жаштарынын көйгөйлөрүн чечүү үчүн алардын өздөрүн мобилизациялоо, билим берүү жана дипломдуу адистерди ишке жайгаштыруу, жаштардын юридикалык сабатын көтөрүү, алардын арасында баңгиликти, кылмыштуулукту, сойкулукту азайтуу сыяктуу маселелердин тегерегинде пикир алышуулар болду. Форум талкууланган маселелер боюнча Кыргызстандын жаштарына кайрылуу кабыл алды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG