Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:21

Кыргызстандык атуул айдан «жер» сатып алды


БИШКЕК. Кыргызстандык 26 жашар Мирлан Карабукаев Айдан «жер участогун» сатып алгандыгы маалымдалды. Ал жер участогун америкалык Деннис Хоуптун жардамы менен 40 долларга алган.

Деннис Хоуп 1980-жылы Жерден башка планеталарды менчиктөөгө болорун кепилдеген эл аралык көптөгөн мыйзамдарды таап чыккан. Анын негизинде Айды, Марсты жана Венераны менчиктеп, аны каттоодон өткөргөн. Бул тууралуу ошол учурда Улуттар Уюмуна, Советтер Союзуна, АКШга, Кытайга, Канадага маалымдаган. Азыр бул планеталардан жер алгандардын саны 2 миллионго жетти. Алардын бири кыргызстандык Мирлан Карабукаев. Бул тууралуу жергиликтүү «МСН» гезити менен АКИпресс агенттиги жазды.

XS
SM
MD
LG