Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:27

Акаев АКШга көңүл айтуу жолдоду


БИШКЕК. Америка Кошмо Штаттары бүгүн экс–президент Роналд Рейганды акыркы сапарга узатты. Ал АКШны 1980-жылдан тарта сегиз жыл башкарган. Дүйнөлүк саясатчылар аны чыгаан лидер катары баалашып, анын дүйнөлүк саясатка кошкон салымын Советтер Союзунун ыдырашы менен байланыштырышат. Рейганды коюу ырасмисине катышуу үчүн мурдагы СССРдин лидери Михаил Горбачев барды. Ал эми Кыргызстандын президенти Аскар Акаев Рейганга байланыштуу АКШ президентине ушул дүйшөмбүдө көңүл айтуу телеграммасын жолдогон. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы бүгүн кабарлады. АКШнын экс–президенти Роналд Рейган ишемби күнү 93 жашында дүйнөдөн өткөн. Ага байланыштуу АКШда беш күн аза күтүү болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG