Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:19

«Эл аралык толеранттуулук үчүн» фонду тегерек үстөл өткөрдү


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Кыргызстандагы «Эл аралык толеранттуулук үчүн» коомдук фонду "тегерек үстөл" талкуусун өткөрдү. Анда эркин жыйындар, пикет, митингдер учурундагы баш ийбөөчүлүктү жөнгө салуудагы кызматташтык маселелери талкууланды. Талкууга саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын жана расмий бийликтин өкүлдөрү катышты. "Тегерек үстөлдө" жарандардын тынч, эркин чогулуудагы укуктарына басым жасалып, укуктарды камсыздоочу мыйзамдар тууралуу катышуучуларга кеңири маалымат берилди. Талкууда ошондой эле кризистик жагдай түзүлгөн шартта жарандык коомдун, расмий бийликтин жана ички иштер кызматкерлеринин биргелешип иштешүү багыттары белгиленди.

XS
SM
MD
LG