Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:54

Ысыккөл декларациясы кабыл алынды


БИШКЕК. Бүгүн «Евразия ХХI кылымда – маданияттардын диалогубу же цивилизациялардын кагылышуусубу?» аттуу эл аралык конференция ишин аяктады. Анын жыйынтыгы менен «Евразиядагы маданияттардын жана цивилизациянын диологу» деп аталган Ысыккөл декларациясы кабыл алынды. Форумдун жыйынтыгы боюнча ЮНЕСКОнун стратегиялык пландоо бюросунун директору Ханс Д Орвил пресс-конференция берди. Ага жазуучу Чыңгыз Айтматов, эл аралык конференциянын секциялык отурумдарынын башчылары катышты. Андан алынган маалыматка караганда, конференция терроризмди жоюунун башкы жолдорунун бири - жакырчылыкты жоюу экендигин, терроризм терминин ислам менен байланыштыруунун туура эместиги белгиледи. Бул тууралуу Чолпонатадан кабарчыбыз Кыяс Молдокасымов кабарлады.

Форум президент Аскар Акаевдин демилгеси жана ЮНЕСКО уюмунун колдоосу астында өттү.

XS
SM
MD
LG