Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:23

ТЕСТСЫНАК КОРРУПЦИЯНЫН ЧЕКЕСИНЕ ЧЫККАН ЧЫЙКАНБЫ?


Кыргызстанда жогорку окуу жайларына мамлекеттик грант эсебинде окууга кызыккан талапкерлер тест сынагын тапшырышат. Быйылкы жыл менен үчүнчү ирет өткөрүлүп аткан жаңы усул жогорку окуу жайларындагы коррупциянын тизгинин тартууга, татыктуулардын тандалып алышына шарт түзүү максатын көздөйт.

Тестсынак ириде жогорку окуу жайларын бекем байырлап алган паракорчулуктун тамырын кыркуу, окууга жөндөмдүү жаштарды иргеп алуу, билим сапатын көтөрүү амалында киргизилген. Анын үстүнө дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрү колдонуп келаткан усулду киргизүүнү мезгил талап кылып аткан. Мурунку Билим жана маданият министри Ишенгүл Болжурованын ырасташынча, жаңы иштин башталышында биртоп кыйынчылыктар да болду:

- Чындыгында эле биринчи жылы бизге оор болгон. Жыл өткөн сайын ал жомок катары унутула бериши мүмкүн. Биринчи жылы механизмдери иштелип чыкпай, саясий эксперимент катары башталып калды. ACCELSке да кыйын болду. Каттоо тестирлөө учурунда жүргүзүлдү. Балдар кыйналды. Ата-энелер министрликке чейин келип, нааразылыктар болду. Бирок ошол жылы биз министрликте жакшы топ түзүп, элибиздин ишеничине жетиш үчүн түн-күн дебей иштедик. Бул эксперимент элге дагы, билимге да сапатты көтөрүүгө чоң импульс түзүп берди. Ал эми экинчи жылы 2003-жылы биз булардын баарын кенен талдап, каттоодон баштап баарын кылдат текшерип, 1-курска киргенге чейинки механизмин ойлоп чыктык. Квоталарды киргиздик. Чоң иш жасалды.

«Көч жүрө-жүрө түзөлөт». Кыргызстан үчүнчү жыл тестсынагын өткөрүүдө. Ишенгүл Болжурова аны форма жагынан байытуунун жолдору көп деген пикирде.

- Мүмкүн тестирлөөгө айтуу, сүйлөө боюнча сынакты киргизсе болот. Бул дүйнөлүк практикада кездешчү нерсе. Жазуу жүзүндө белги коюп эле кетип атышпайбы, ага кошуп тексттерди айттыруу эрежелерин киргизсе болот. Алардын ойлонуу жөндөмүн текшерүү зарыл.

Тестсынак аркылуу жогорку окуу жайларына кабыл алынган студенттердин сабактан жетишүүсү, дегеле тестсынак тууралуу пикирин билмекке Кыргыз улуттук университетинин немис тили кафедрасынын башчысы, профессор Памира Кадырбекованы сөзгө тарттык:

- Бул коррупцияга каршы жасалган кадам болуу керек. Абдан жакшы. Экинчи жагынан алганда, биз мурун студенттерден оозеки түрүндө экзамен алчубуз. Биз, маселен, немис тили боюнча окуучунун сүйлөө речин, басымын, кандай сүйлөй ала тургандыгына карап баалачубуз. Тестирлөөнүн кемчилиги – анын жазуу түрүндө болгондугунда. Оозеки сынак жок. Жакшы жагы – коррупцияга бөгөт койгондугу. Азыркы тестсынактын кемчилиги эле абитуриенттин кандай жөндөмү бар, кандай сүйлөй аларын билбегендибиз.

Тестсынак түзүү, аны өткөрүү түйшүгүн АКШнын эларалык билим берүү америкалык кеңеш биримдиги - ACCELS , ал эми аны каржылоо милдетин Кошмо Штаттардын Эларалык өнүгүү агенттиги - USAID өзүнө алган. Эки жыл ичинде 10 миңден ашуун абитуриенттер тестсынактан өтүп жогорку окуу жайларынын бюджеттик бөлүмдөрүнө өтүштү. 2002-2003-жылдары тестсынагына 60 миңден ашуун абитуриенттер катышты. Быйылкы тестсынак жыйынтыктала элек. Билим баалоо жана окутуу усулдары борборунун жетекчиси Инна Валькованын айтуусунда, жогорку билим алууга талпынган улан-кыздарды сынактан өткөрүү негизинен эки тарамдан турат. Негизги бөлүгү - абитуриенттин логикалык ойломун, эне тилинде туюнтуу мүмкүнчүлүгүн текшерүү багытын көздөйт.

- Бул тесттин өзгөчөлүгү – билим жыйындысын текшербегендигинде. Постсоветтик мейкинде сынак абитуриенттин кайсы бир эрежени, теңдемени же формуланы, болбосо кайсы бир жерде болуп өткөн окуяны эстеп калышын текшерүүгө негизделчү. Бул билим тести. Биздин тест баланын логикалык ойлонуусуна негизделген, абитуриенттин математикалык, сүйлөө логикасын текшерүүгө багытталган. Башкача айтканда, адамдын аң сезиминдеги эки башталыш – так жана образдуу ой жүгүртүүсү кандайлыгын аныктоо маанилүү,- дейт Инна Валькова.

Ал эми предметтик сабактар боюнча сынакта талапкердин – химия, биология, англис, немис тилдери боюнча билими текшерилет. Негизги жана предметтик сынакта окуучунун алган билимин турмушта колдоно алуу жөндөмдүүлүгү, текстти түшүнө билүүсү, чет тилинде сүйлөй алуусу негизги мааниге ээ. Быйылкы жылы тестсынактан, Инна Валькованын маалымдашынча, айылдык улан-кыздар арбын өтүштү.

Жогорку окуу жайына өтүүнүн жаңыча усулу тууралуу пикирлерин сурап кесиптешим Жазгүл Жамангулова айрым студенттерге кайрылган. Анда кепти Жазгүлгө берейин:

- Сурамжылоонун жүрүшүнө таянсам, жалпы республикалык тестирлөөгө биринчи жылдагыдай ишенич жок, себеби, паракорлукка жыл сайын арбын жол берилип жатат деген пикирлер бар. Аны өзүңүздөр да маектин жүрүшүнөн угаласыздар. Анда алгач, 2002-жылы эң биринчилерден болуп тест тапшырып, тестирлөөнүн жыйынтыгында жогорку окуу жайларынын студенттери аталган айрым улан- кыздарга суроо узатайын:

- Мен Дүйшөнбаев Мирлан. Тестирлөөнү мен Жалалабад шаарындагы №1 орто мектептен тапшырдым. Тапшыруу учурунда жең ичинен кол алууга жол берилген жок.

- Бегай, Кыргыз улуттук университетинин студентимин. Биз биринчи жылы тапшыргандарданбыз, анда акыйкаттуу түрдө өткөн. Тапшырып жаткан учурда Америка университетинин студенттери байкоочу болгон эле. Ал эми быйыл турларга бөлүп салды, анын үстүнө нааразы пикирлер да арбын.

- Сынак жүрүп жаткан учурда кошумча материалды колдонгондор болдубу?

- Майда кылып жооп жазып, катып киргендер болду. Бирок алар колдоно алган жок. Биз менен олтурган эки абитуриентти башкалардан көчүрүп жазганга аракет кылган үчүн чыгарып салышкан. Ал жерден чынында өз деңгээлиңди, билимиңди сынап аласың.

- Бүгүн окуучулар, ата-энелери арасында жасалма кылып койду деген пикирлер жок эмес, ага сиздин оюңуз кандай?

- Менимче, облустук, райондук деңгээлде паракорлук мүмкүн эмес. Ал эми министрликтен кандай болуп жатканын айтуу кыйын.

- Сиздер азыр студенттердин жоопторун уктуңуздар. Бирок быйылкы тапшырган абитуриенттердин абалы кандай, алар жалпы тестирлөөнүн жүрүшү туурасында эмнени айтышат? Кеп ушул өңүттө улансын:

- Менин атым Жылдыз. Тесттин жүрүшү акыйкат эле болду. Бирок мугалимдер тестти текшерүү учурунда комьпютер аркылуу оңдоп, баллдарын саткан факты болгонун уктук. Ал эми мени менен кырк эки окуучу бүткөн. Алардын арбын бөлүгү жакшы окучу да. Бирок ошолордун ичинен бирөө гана өттү.

- Булар мен маекке тарткан мектеп окуучулары. Анда, азыркы сөздү былтыркы жылдагы тестирлөөнүн жүрүшү туурасында өз оюн бөлүшкөн маектешибизге узатсам. Бакыт Азимбек уулу:

- Былтыр мен кабыл алуу комиссиясына байкоочу болуп катышкам. Менин байкашымча, бул жерде дале акча маселеси биринчи орунда турат экен. Биринчи жылдары чынында акыйкаттык болгону көрүнүп турат. Бирок улам кийинки жылдары, баллы аз болуп калгандар министрликтен кайра жаңы сертификат жасаттырып, сүйлөшүү жолу менен өтүп кетип жатышат. Анткени, министрликтен бөлөк жерде бул ишти аткарууга мүмкүн эмес экендиги көрүнүп турбайбы.

- Ырахмат Жазгүл. «Азаттыктын» кабарчысы Фатима Абдалова тестсынак жөнүндө пикирин сурап илимпоздорду кепке тарткан экен. Ошону угуп көрөлү, сөз сизде, Фатима:

- Кыргызстандын билим берүү тармагында жүрүп жаткан реформага ылайык, үчүнчү жыл жогорку окуу жайларында экзамендик сынактар тестирлөө жолу менен өтүп калды. Тестирлөөнүн акыбети кандай болуп атат? Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Советбек Байгазиев:

- Мунун оң жагы да, терс жагы да болот экен. Оң жагы - тестирлөөнүн калыстыгы. Түзүлгөн программа боюнча окуучуга атайын тест берилет дагы өзү ойлонуп отуруп, жообун берет. Тестирлөө киргенден бери жогорку окуу жайларында коррупция токтоду. Тестирлөөнүн сол жагы - өзгөчө тил, адабият, математика предметтерине келгенде, сөз маданиятын, жазуу ишин текшерип болбойт да. Бул жерде тегеректеп гана коесуң –«жок», «бар», «ооба» деп. Кээде кокусунан эле болжолдоп туруп тегеректеп койсо, туура чыгып калышы мүмкүн. Биринчи кезекте баланын жеке сапаттары керек. А тестирлөө мындай сапаттарды ачыкка чыгарбайт. Бетме-бет отуруп аңгемелешкенден артыгы жок деп ойлойм, эгер ошол аңгемелешүү калыс өтсө.

Бишкек гуманитардык университетинин түркология факультетинин деканынын орунбасары Баяман Усманбетов:

- Жаңы окууга өткөн балдардын билим деңгээли мурдагы балдарга салыштырмалуу жогору. Мугалимдерге да жеңил болуп жатат. Ректоратка сунуш кылып атабыз, компьютер менен камсыздап берсе, студенттер компьютер аркылуу тестирлөөдөн өтсө, студент үчүн да, мугалим үчүн да жеңилдик түзүлөт.

Ал эми ушул эле түркология факультетинин доценти Атыркүл Ибраимова тестирлөө жөнүндө мындай пикирде:

- Бизди ынандырбаган жактары бар. Мисалы, бюджеттик орунга 25 орун бөлүндү дейли. Ошол 25 орун дароо эле тестирлөөдөн өткөндө дароо бүтүш керек да, татыктуу балдар ээлеп калыш керек. 20 баланы кабыл алып, 10 орун калып, улам-улам бирден бала алып, мына ошонун өзү терс көрүнүш болуп саналат.

- Ырахмат Фатима. Ишенгүл Болжурова тестсынагына бүтүрүүчүлөрдү атайы чогултуп, аларды кош түйшүккө салбай, мектепти аяктап аткандагы экзамендер менен жогорку окуу жайына өтүү сынагын чогуу өткөрүү дурус болор эле деген пикирде:

- Биз азыр тестирлөөнү мамлекеттик экзамен - мектепти бүтүрүү сынагынан кийин өткөрүп жатабыз. Бала эки жолу кыйналып калып атат. Мен эки жылдан бери мектепти бүтүрүү экзамендерин жогорку окуу жайларына кирүү сынагына айлантууну айтып келатам. Муну, албетте, мамлекет жасашы керек. Мүмкүн, донорлор да жардам берип калар. Дүйнөлүк банктын 15 миллион долларлык грантына да тестирлөөнү киргизгенбиз. Бала 11-классты, кудай буюрса, 2010-жылдан кийин 12-классты бүтүшөт, ошондо бир эле экзамен берсе туура болот. Мисалы, 5 негизги сабак боюнча тесттен өтсө жогорку окуу жайына өтүш керек. Бүтүрүүчү, кирүүчү тести бир болуш керек. Жалпы баа алып, жогорку окуу жайына өткөнү-өтпөгөнү – экөө тең аттестатка ээ болушат. Бүт дүйнөдө эле ошондой.

Жаш адамдын турмуш жолундагы олуттуу кадамы – билим алуу аракети калыстык менен бааланып, ал акыл-эстин атаандаштыгынын негизинде өтүшүнө шарт түзүү мамлекеттин милдети. Тестсынак жогорку окуу жайларындагы коррупцияны толук жоюп жибербесе да, аны босогодон ары сүрүп таштап, жогорку билимдин эшиги татыктуулар үчүн ачык экенин далилдеди шекилдүү. Коррупциянын тизгинин тарталбай аткан Кыргызстандын шартында ушунун өзү деле чоң огожо.
XS
SM
MD
LG