Линктер

дүйшөмбү, 27-март, 2017 Бишкек убактысы 11:11

Пакистанда 50дөн ашык киши курман болду


ИСЛАМАБАД. Пакистандын Ооганстан менен чектеш Вазиристан чөлкөмүндө "ал-Каидачылар" менен талибдер деп шектелген куралдуу топторду жок кылуу операциялары улантылууда. Өлкөнүн ички иштер министри Файзал Салех Хает жүргүзүлүп жаткан операцияны кечээ өлкөнүн аскердик командирлеринин бирине жасалган кол салуу менен байланыштырды. Кечээги кол салууда 11 киши курман болгон. Бирок командирдин өзү аман калган.
Пакистандын аскердик булактарынын айтымында, акыркы үч күндүн ичинде чөлкөмдө жүргөн салгылашууларда 40 согушкер жана 15 өкмөттүк аскер набыт болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG