Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:31

КЫРГЫЗСТАН ТУРМУШУ ОРУС ГЕЗИТ БЕТТЕРИНДЕ


Төрөкул Дооров, Москва «Кыргызстандын калкы 10%га азайып кетти», «Демократияны экспорттоо – төңкөрүштү экспорттоо» дегенге барабар». «Коллективдүү Коопсуздук келишими НАТОго окшоп баратат». Өтүп бараткан апта ичи орусиялык басма сөздө талкууга коюлган темалар ушулар.

8-июнь күнү «Российская газетада» Кыргызстандын президенти Аскар Акаевдин «Демократияны экспорттоо төңкөрүштү экспорттоого барабар» аттуу макаласы жарыяланды. Анда Кыргызстанда ушул айда өтүүчү эларалык конференция тууралуу жана өлкөнүн тышкы саясаты жөнүндө кеп болот.

"Евразия ХХI кылымда: маданияттардын диалогубу же цивилизациялардын карама-каршылыгыбы?" деген конференция Азиядагы бир катар мамлекеттердин башчылары менен белгилүү окумуштууларды жана байкоочуларды топтоп, дагы бир жолу дүйнөгө кеңири таанымал америкалык политолог Самуэль Хантингтон айткан «цивилизациялардын кагылышуусуна» тиешелүү талкууну эске салмакчы.

Макаланын автору Аскар Акаевдин айтымында, жаңыдан телчигип келаткан демократиялуу мамлекеттер үчүн жаңы кылымда ислам дүйнөсү менен Батыш цивилизациясынын беттешүүсү дале негизги проблема бойдон калууда. Бирок аны менен бирге олуттуу проблемалардын бири катары эми эларалык саясий технологиялар жаратып жаткан коркунучтар менен да толуктала баштады. «Роза ыңкылабы» өңдүү коркунучтуу көрүнүш Кыргызстанда да кооптонууну жаратып жатат, деп ойлойт президент Аскар Акаев. Чыныгы эл бийлиги ар бир мамлекеттин өзүндө бышып жетилиши керек. Анткени «роза ыңкылабы» өңдүү технологиялардын сырттан жасалма жол менен киргизилиши большевиктик революциянын "экспортун" эске түшүрөт», дейт А.Акаев.

Президент бул макаласында өлкөнүн тышкы саясатына да кенен токтолду. «Кыргызстандын тышкы саясатынын айланасында жалган ойлор да көп айтылып жүрөт, - деп кебин улайт А.Акаев. - Бир четинен, республиканы Орусия менен түзүлгөн достук мамилеси үчүн сындашса, дагы бир четинен, АКШнын кызыкчылыктарын коргоп жатат деп айыпташат. Чын-чынына келгенде, биздин тышкы саясатыбыз Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарынын чегинен алыстаган жок. Бүгүнкү күнү биздин башкы улуттук кызыкчылыгыбыз катарында Орусия менен достук мамилени түзүүгө болгон аракетти тааный алабыз. Орусия биздин тышкы саясатыбызда үстөмдүк кылуу аракетинен алыс. Бул жагдай биз үчүн башка мамлекеттер менен да мамилени арттырууга кеңири жол ачат» деп белгилейт А.Акаев. Кыргызстандын президенти орусиялык жана америкалык аскерий базалардын кыргыз жеринен орун табышы карама-каршылык эмес экендигин, тетирисинче, Кыргызстан эми ири мамлекеттердин кызматташуусуна мүмкүнчүлүк бере турган өлкөгө айланып бараткандыгын айтат.

NewsRu.Com интернет басылмасы Кыргызстандагы миграциялык кызмат боюнча департаменттин директору Болот Сарыгуловго шилтеме жасап, «Кыргызстан калкынын 10%га жакыны өлкөдөн чыгып кеткендигин» кабарлады.

«Республиканын көз карандысыздыгынын жылдарында 500 миңдин тегерегиндеги атуулдар мекенин таштап, башка мамлекеттерге кеткен. Мунун айынан жаралуучу саясий-эконокалык туруксуздуктун алдын алуу максаты менен ушул тапта кыргыз бийликтери коңшулаш мамлекеттерде отурукташкан этникалык кыргыздарды чакыра баштады», - деп жазат интернет-басылма.

Макалада айтылгандай, майдын аягында Тажикстан менен Кыргызстандын ортосунда кабыл алынган мамлекеттик келишимге ылайык тажик жериндеги кыргыздар үчүн Кыргызстандын паспортун алуу алда канча жеңилдей түшөт. «Бирок коррупция кенен жайылган, экономикалык жактан чабал өлкөнүн атуулдугун алууга баардык эле кыргызстандыктар ашыга беришпейт», деп жыйынтыктайт басылма.
XS
SM
MD
LG