Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:05

АМЕРИКАНЫН МУРДАГЫ ПРЕЗИДЕНТИ РОНАЛД РЕЙГАН АКЫРКЫ САПАРГА УЗАТЫЛДЫ


Азиза Турдуева, Прага Америка кечээ өзүнүн 40-президенти Роналд Рейган менен коштошту. Бул күн АКШда аза күтүү күнү деп жарыяланды. Рейгандын сөөгү Калифорния штатындагы Сими өрөөнүнө коюлду. Сөөк коюу жөрөлгөсүнө М.Тэтчер, М.Горбачев сыяктуу мамлекеттик ишмерлер, маркумдун 82 жаштагы жубайы Нэнси Рейган жана он миңдеген кишилер катышты. Серепчилер Рейгандын саясий ишмердүүлүгүнө көп кырдуу баа беришүүдө.

Рейгандын сөөгү Калифорниядагы Сими өрөөнүндө анын президенттик китепканасына жакын жерде күн батып бараткан мезгилде коюлду. Рейгандын акыркы каалоосу ушундай болгон. Ал эми бул жерден Тынч океанынын ажайып кооздугу алаканга салынгандай көрүнүп турат.

Вашингтондогу Капитолийге Рейган менен коштошууга 90 миңге жакын америкалыктар жана башка өлкөлөрдүн атуулдары, АКШнын президенти Жорж Буш, Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри Маргарет Тэтчер, мурдагы СССРдин президенти Михаил Горбачев, АКШнын экс-президенттери Жералд Форд, Жимми Картер, Жорж Буш, Билл Клинтон жана дүйнөнүн 170ке жакын өлкөсүнүн мамлекеттик ишмерлери жана өкүлдөрү келишти.

АКШда 1973-жылы президент Линдон Жонсон каза болгондон бери алгач ирет президентти акыркы сапарга узатуу каадасы мамлекеттик деңгээлде өткөрүлдү. Рональд Рейган АКШнын мындай каада өткөрүлүп жаткан 9-президенти.

Роналд Рейган АКШны башкарган 1981-1989-жылдардагы анын саясатчы катары эң башкы жетишкендиги катары кандуу согуш мезгилинин аякташына түздөн түз салым кошкондугу эсептелет.

Айрым саясат таануучулар Рейгандын Чыгыш Европа мамлекеттеринде коммунисттик системанын жок кылынышын жана СССРдин ыдырашын тездетүү жараяндарына кошкон салымын жогору баалап келишет. Коммунисттер болсо, бүгүнкү күнгө чейин Рейганды СССРдин кулашынын башкы күнөөкөрү деп айыпташат.

Чындыгында эле Роналд Рейган президенттик бийликке келээри менен, коммунизмге каршы күрөш жүргүзөөрү жөнүндө жарыя салган. Чехиялык саясат таануучу Иржи Пех буга байланыштуу мындай дейт:

- Рейган чоң ыраазычылыкка татыктуу. Анткени, ал америкалык президенттердин ичинен биринчи болуп Советтер Союзу өзгөртүлүүгө тийиш деген тыянакка келип, Советтер Союзу алсыз эң ири дөөлөт экендиги жана ал АКШ менен куралдуу күчтөр боюнча атаандаша албай тургандыгы жөнүндө айткан.

Белгилүү болгондой, Рейгандын тушунда АКШнын куралдуу күчтөрү мурда болуп көрбөгөндөй бекемдеген.

Байкоочулар белгилегендей, Роналд Рейган Советтер Биримдигинин соңку башкаруучусу Михаил Горбачев менен ошол мезгилдеги көптөгөн саясий проблемалар боюнча тил табыша алган. Алардын ортосунда куралдуу күчтөрдү кыскартуу боюнча бир топ келишимдерге кол коюлган.

Ал эми 1987-жылдын 12 июнунда Роналд Рейган менен Михаил Горбачев менен Берлиндеги жолугушуусу учурунда андан Германияны экиге бөлүп турган Берлин дубалын жоготууну талап кылып, ага төмөнкүдөй сөздөр менен кайрылган:

- Баш катчы Горбачев, эгерде сиз тынчтыкты кааласаңыз, эгерде сиз Советтер Союзу менен Чыгыш Европа өнүксүн десеңиз, либералдуулукту кааласаңыз, анда мына бул жолго түшүңүз! Мына бул жолду ачыңыз! Горбачев мырза, мына бу дубалды уратыңыз!

Андан көп өтпөй эле, 1989-жылы дүйнөлүк коомчулук чындыгында эле Берлин дубалынын кулатылышына күбө болду.

Бирок, Рейгандын айрым эң жакын кеңешчилери аны күчтүү саясатчы же тышкы саясатты мыкты жүргүзгөн президент катары анчейин мүнөздөшпөйт. 1980-жылдары Рейгандын Советтер Союзу боюнча кеңешчиси болуп иштеген Ричард Пайпс өзүнүн эскерүүлөрүндө жазгандай, Рейганга татаал ой жүгүртүүлөр мүнөздүү болгон эмес. Рейгандын өтө жөнөкөй философиясы бар эле, - дейт Пайпс. “Совет империясы каардуу, ошондуктан, коммунисттик системаны кулатуу үчүн бүт күч-аракет жумшалышы керек”, - деп Рейгандын айткандары да Пайпстын мемуарларында жазылган. Пайпс: “Рейган, мисалга алсак, Билл Клинтон сыяктуу ийкемдүү саясатчы болбосо да, саясатта жакшы менен жаманды так ажырата билчү”, - деп эскерет.

Ал эми литвалык саясатчы Витаутас Ландсбергис Рейган жөнүндө “Азаттыкка” мындай пикирин билдирди:

- Рейган улуу мамлекеттик ишмер болгон. Анын жасаган иштери дүйнөлүк мааниге ээ. Ал дүйнөдө эркиндик орнотулушуна ишенген жана ал көптөгөн улуттардын эркиндикке чыгышына чоң салым кошту. Рейган Литва элинин жана башка улуттардын өз көз карандысыздыгы жана эркиндиги үчүн күрөшүнө колдоо көрсөттү. Ал дүйнөнү өзгөрттү. Биз муну эч качан унутпайбыз.

Украиналык мурдагы диссидент Петро Рубан болсо ал өзү түрмөдөн Рейгандын жардамы менен бошотулгандыгы жөнүндө эскерет:

- Көп жылдар бою АКШнын Конгресси Советтер Союзунун жетекчилигине кайрылып, мени түрмөдөн чыгаруу боюнча аракет көрүп келди. Бирок, эч кандай майнап чыккан жок. Мен, 1988-жылы май айында Роналд Рейгандын гана жардамы менен, ал Москвага расмий иш-сапары менен келээрине бир нече күн калганда камактан чыкканмын. Мен үчүн Рейган мага эркиндик тартуулаган президент.

Мурдагы СССРдин президенти Михаил Горбачев Рейгандын кансыз согуштун аякташына кошкон салымына байланыштуу жылуу пикирин төмөнкүдөй билдирди:

- Мен ойлойм, Рейган тарыхка кансыз согуштун аякташына чоң салым, болгондо да, чечүүчү салым кошкон саясатчы катары кирип калды.

АКШнын 40-президенти Рональд Рейган 5-июнда 93 жаш курагында каза болду. Ал соңку 10 жылдан бери Альцгеймер дартына чалдыгып, акыркы жылдары ал түгүл өз жары Нэнсини да тааныбай төшөктө жатып калган.
XS
SM
MD
LG