Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:25

ӨКМӨТ ЭЛ АРАЛЫК КАРЖЫ УЮМУНА ЭСЕП БЕРҮҮГӨ КАМЫНУУДА


Ушул жылдын сентябрында Кыргыз өкмөтү Эларалык валюта коруна жакырчылыкты азайтуу, туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу боюнча үч жылдык программанын аткарылышы тууралуу эсеп берет. Өкмөт өткөн жылдардын экономикалык көрсөткүчтөрү дурус экенин айтып, анын эсесине өлкөнүн тышкы карыздарынын бир кыйласын кечип жиберүү сунушун да билдирмекчи.

Башында Париж клубуна кирген өлкөлөргө төлөнчү 450 миллион доллар карыз акчаны экономикалык өсүштө ийгиликтер болсо кечирилип калышы ыктымал деп келген өкмөт жакындан бери алдагыдай акчаны кайтарып берүү маалы кийинкиге жылдырылышы мүмкүн экендигин айта баштады.

- Бул жерде белгилеп койчу нерсе, 2001-жылдан 2004-жылдын аягына чейин төлөнүшү керек акчаларды кайтаруунун шарты жеңилдетилет. Кечип жиберүү жөнүндө кеп болбойт. Биз Эларалык валюта кору менен экинчи программаны кабыл алышыбыз керек. Париж клубуна кирген кредит берчүлөргө дагы кайрылабыз. Мына ошондон кийин гана кредит берген өлкөлөр менен түзгөн келишимде көрсөтүлгөн шарт тууралуу кеп кыла алабыз. Шарт чын көңүлдөн чыккан ишара деп аталат. Биз кредит бергендерден Неапол шартын колдонууну сурансакпы деп турабыз. Бирок, азыр Париж клубундагы шарт өзгөрүлүп жатат,- дейт Кыргызстандын Каржы министри Болот Абилдаев.

Министрдин ырасташынча, өкмөт кайтарып берүүгө шаасы жете албай жаткан карыз акчалардын айрым бөлүгүн экологиялык проблемага байлап кечип жиберүү же төлөп берүү мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу өтүнүчүн айтып Париж клубуна кирген 14 өлкө менен эки тараптуу макулдашууларга кол койгон. Азырынча бир гана уюм - Кувейт фонду менен андай ымала түзүлө элек.

Экологиялык проблемага байланыштырып, карыз акчанын кечирилип жиберилиш механизми деле жөнөкөй. Ал үчүн өкмөт олуттуу экологиялык проблеманын үдөөсүнө чыгышы керек. Төлөнчү карыз акчанын эсебинен үлкөн ишти жасашы зарыл. Непадам, маселе ушул ыңгайга көчсө, андан Кыргызстан утуш гана алмак.

Каржы министринин орунбасары Эмирлан Төрөмырзаев экономикалык өсүштүн белгисин көрсөтчү өнөр жай өндүрүшүнүн эсеп-кысабы ачык, жалпы маалым болушу керек деген пикирде. Бул максатта өкмөт тоо-кен өндүрүшүнүн ишинин ачык болушуна жетишүү эларалык демилгесин колдоп чыкты.

- Биз демилгени ишке ашыруу боюнча комитет түздүк. Ага тийиштүү министрлик менен агенттиктердин өкүлдөрү киришти. Ошол эле комитеттин алдында Консултативдик кеңеш уюштурдук. Консултативдик кеңеш казып алуу тармагына көмөк көрсөтүп турмакчы. Бул кеңешке премьер-министр, эларалык каржы уюмдарынын өкүлдөрү, жеке сектордун, маселен, «Кыргызалтын» баш болгон казып алуу өндүрүшүнүн өкүлдөрү , ошондой эле экономикалык саясатка тиешеси бар бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү киришти, - деп маалымдады ЭмирланТөрөмырзаев.

Өкмөт курамындагы толгон-токой түзүмдөрдүн катары дагы бир комитет менен кеңешке көбөйүшү ириде инвестициялык жагымдуу маанай түзүү аракетине байланыштуу. Эларалык валюта корунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Башор Мухопадия биринчи иретте иштеп аткан кирешелүү тармактар салыктарды толук өлчөмдө төлөп турушу маанилүү деп эсептейт.

- «Кумтөралтын» компаниясы боюнча мурунку түзүлгөн башкы келишим менен кийинки келишимдин айырмасын сурап атпайсызбы, айырмасы - эмкиси боюнча салыктар толук төлөнөт. Бул Кыргызстан үчүн пайдалуу. Мурунку келишим боюнча төлөнчү салыктардын үчтөн бири кечирилген болчу. Жаңы келишим боюнча компания мамлекетке бардык салыктарды төлөйт.

Жакырчылыкты азайтып, экономикалык туруктуу өсүшкө жетишүү аракети Эларалык валюта кору менен быйыл жыл аягында түзүлчү экинчи программанын негизин түзмөкчү. Өкмөт 2010-жылга эсептелген жакырчылыкты азайтуу стратегиясын иштеп чыккан. Эларалык каржы уюмдарынын кедей өлкөлөргө багышталган программаларынын катарына кирген бул иш-чаралар тууралуу өкмөттүк жыйындарда дамамат кеп болот, министрлик, комитет, кеңеш, агенттиктер аткарылган иштердин эсеп-кысабын алдыга жаят. Өкмөт башчы анын баарын эларалык каржы уюмдарынын, акча бөлчү өлкөлөргө көрсөтчү отчет катары сыпаттап келет. Үч жылдык иштин баасын эларалык каржы уюмдары сентябрь айында, болбосо жаңы жылга чукул бычышат.
XS
SM
MD
LG