Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:46

Тегерек үстөл «Адеп кодексин» талкуулайт


БИШКЕК. Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюму (ЕККУ) менен гуманитардык жана маданий демилгелердин фонду шайлоо алдындагы өнөктүккө байланышкан «Адеп кодексинин» долбоорун 15-июнда тегерек үстөлдө талкуулайт. Бул кодексти иштеп чыгуу максатында эки уюм март айында алгачкы тегерек үстөлүн өткөргөн. Сунуштарга ылайык иштелип чыккан кодекстин долбоору шейшемби күнү дагы бир ирет талкууга коюлат. Тегерек үстөлгө саясий партиялардын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, эл аралык жана жергиликтүү адистер катышаары күтүлүп жатат. Талкуунун негизинде коомдук кодекстин акыркы үлгүсү иштелип чыгып, ал ушул жылдын октябрь айында боло турган жергиликтүү кеңештерге шайлоо учурунда сыноодон өтөт. Гуманитардык жана маданий демилгелер фондунун билдиргенине караганда, коомдук «Адеп кодекси» шайлоо алдындагы өнөктүктөрдө чынчылдыктын, сөз эркиндигинин сакталышын камсыз кылуу, административдик ресурстарды талапкер үчүн пайдаланууга жол бербөө максатын көздөйт.

XS
SM
MD
LG