Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:52

ЮНЕСКОнун Башкы директору К. Мацуура Таласта болду


ТАЛАС. ЮНЕСКОнун Башкы директору Коичиро Мацуураны Таласка мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов менен "Мээрим" корунун төрайымы Майрам Акаева коштоп келишти. Алгач алар Талас университетинде мультимедия борборунун ачылыш аземине катышып, сөз сүйлөштү. Кыргызстанда биринчи жолу ачылып жаткан мындай борбор Ысыккөлдө өткөн "ХХI кылымдагы Евразия: маданияттар байланышыбы же цивилизациялардын карама-каршылыгыбы?" деген эл аралык конференциянын иш чараларынын уландысы катары бааланды. ЮНЕСКОнун Башкы директору Мацуура мырза Талас облусунун губернатору Искендер Айдаралиевге дүйнө элдеринин маданиятынын эң көрүнүктүү үлгүсү бар документти тапшырды. Анын ичинде кыргыз элине мүнөздүү эпос айтуу жана төкмөлүк өнөр дүйнөлүк шедевр катары ЮНЕСКО тарабынан коргоого алынаары тууралуу да камтылган. Мацуура андан соң Улуттук "Манас Ордо" комплексине келип, Манастын эстелигине гүл коюп, анын күмбөзү, музейи жана "Манас" эпосунун 1000 жылдыгы өткөн комплекс менен таанышты.

XS
SM
MD
LG