Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:30

Европа футбол чемпионатынын сыналгыда көрсөтүлүшү маселеси чечиле элек


БИШКЕК. Ишембиде Португалияда башталып жаткан футбол боюнча Европа чемпионатынын оюндарын Кыргызстанда көрсөтүү маселеси ушул кезге чейин чечиле элек. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат бөлүмүнүн башчысы Санжар Үмөталиев бүгүн билдирди. Анын айтымында, Европа чемпионатын көрсөтүү укугуна ээ Евровидение сыналгы компаниясы менен азыркы убакта сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Кыргызстан Россия телеканалдары аркылуу футбол оюндарын көрсөтүүгө уруксат алып, акысын кийинчерээк төлөп берүүгө милдеттенме алууну көздөп жатат. Бирок, чемпионаттын оюндарын толук көрсөтүү үчүн канча акча керек болору азыр эсептелип чыга элек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG