Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:38

АКШнын каза болгон мурдагы президенти Рейган Калифорнияда коюлат


АКШнын каза болгон президенти Роналд Рейгандын денеси Вашингтондон кайрадан Калифорнияга жеткирилди жана ошол жерде коюлат. Жума күнү Вашингтондо өткөн тажыя учурунда президент Жорж Буш Рейгандын саясатын мактады: "Күчтүү Америка тынчтыкты камсыз кыла алаарына ал ишенген жана Американын милдетин аткаруу үчүн аны күчтүү кылууга аракеттенген. Бардык жерге эркиндик жайылаарына көзү жетип, ал эеркиндикти коргоо үчүн бардык чара көргөн". Тажыяга азыркы президенттен тышкары мурдагы америкалык президенттер Жорж Буш, Жимми Картер, Жералд Форд, Билл Клинтон жана СССР президенти Михаил Горбачев менен Британиянын мурдагы премьер-министри Маргарет Тэтчер дагы катышты.

XS
SM
MD
LG