Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:08

Багдадда Ирактын тышкы иштер министринин орун басары өлтүрүлдү


Багдад шаарында бүгүн Ирактын тышкы иштер министринин орун басары Бассам Салих Кубба буктурмадан атып өлтүрүлдү. Мурда ал Ирактын Бириккен Улуттардагы өкүлү, андан соң Бээжиндеги элчи болуп иштеген. Имам Муктада ас-Садрдын айтымында болсо, эгер Ирактын жаңы өкмөтү америкалык аскерлердин өлкөдөн кетиши үчүн аракеттенсе гана ал өкмөттү колдойт. 10-июнда барымтага алынган Түркиянын жети жараны бүгүн бошотулду, ошол эле күнү туткунга алынган эки ливандык жарандын бири өлтүрүлгөнү тууралуу кабар келди. Ал эми Италия өкмөтүнүн айтымында, үстүбүздөгү аптада бошотулган үч италиялык туткун үчүн эч кандай кун төлөнгөн эмес.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG