Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:16

14-июнда аба ырайы кандай болот?


БИШКЕК. Аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү!
Синоптиктердин кабарлоосуна караганда, 14-15-июнь күндөрү өлкөдө жааган жамгырдан жана тоолордогу кардын ээришине байланыштуу республиканын тоолуу аймактарында жана тоо этектеринде сел жүрүп, дарыя-өзөн сууларынын деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.

14-июнда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт. Айрым жерлерде күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:
ЧҮЙ облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +20…+25 градус.
ТАЛАСТА түнкүсүн +8…+13, күндүз +18…+23 градус жылуу.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАД дубандарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +23…+28 градус.
ЫСЫККӨЛДӨ түнкүсүн +12…+17, күндүз +18…+23 градус жылуу.
НАРЫНДА түнкүсүн +7…+12, күндүз +19…+24 градус.
БИШКЕКТЕ күндүз жана таңга маал жамгыр жаап, түнкүсүн +14…+16, күндүз +20…+22 градус жылуу болот. Кеч куруун абанын температурасы +15 градуска төмөндөшү күтүлөт.

Жаңылыктардын топтомун Бүбүкан Досалиева жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор Кубат Оторбаев.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG