Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:48

Футбол боюнча Европа чемпионатын баардык эле кыргызстандыктар көрүп жаткан жок


БИШКЕК. Португалияда өтүп жаткан Европа чемпионатынын оюндарын кыргызстандык футбол күйөрмандары да көгүлтүр экран аркылуу көрүп жатышат. Бирок өлкөдө бул футболдук мелдештерди көрө албай жаткан аймактар да бар. Мындай жагдай тууралуу баткендик футбол күйөрманы Малик Кудайбердиев :

- Кечээ биз Орусия менен Испаниянын беттешүүсүн көрөлү деп чыдамсыздык менен күтүп жаткан элек. Бирок Баткен аймагында бул оюн көрсөтүлгөн жок. Анын ордуна кинотасма көрсөтүп коюшту. Ал эми РТР телеканалы аркылуу көрсөтүлгөн Португалия менен Грециянын мелдешин дагы чыбырчыктатып, бирде үзүп, кээде көрсөтүп атышты, өтө начар сапатта араң көрдүк,-дейт.

XS
SM
MD
LG