Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:40

Кыргызстандагы коомдук уюмдар биригет


БИШКЕК. Кыргызстандагы улуттук дөөлөт байлыктарды сактап, кийинки муунга өткөрүү аракетин көргөн бир катар коомдук уюмдар бир кыймылга биригет. Мындай маалымат бүгүн «Кыргыз тил» кыймылынын кеңеш ордосунун төрагасы Чолпонбек Абыкеевден алынды. Анын маалыматына караганда, өлкөдө «Теңир ордо», «Айтыш», «Бата», «Арыш», «Манасчылар коому» сыяктуу бир катар коомдук уюмдар улуттук тилди, каада-салт, рухий байлыктарды сактоо максаты менен иш жүргүзүшкөндүктөн алардын башын бир уюмга бириктирип, жалпы улуттук идеология деңгээлинде аракет кылуу зарылдыгы бышып жетти. Ошондуктан азыр аталган коомдук уюмдардын арасында биригүү жөнүндө сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG