Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:32

Токмоктуктар пикетке чыкмакчы


БИШКЕК. Эртең Токмок шаарынын тургуну Сыдыгаалы Дербишалиев баштаган ата-энелер өкмөт үйүнүн алдына нааразылык билдирген пикетке чыгышат. Мындай маалымат бүгүн «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдрасуловадан алынды. Анын маалыматына караганда, алар муну менен Токмок шаарындагы 450 бала машыгуучу эки спорт залдын сатылышына нааразылык билдиришип, алардын кайра спорт жайына айландырылышын талап кылышат. Бишкектин Биринчи Май райондук акимчиликтин Сыдыгаалы Дербишалиевге пикет өткөрүүгө уруксат бербей койгон чечимин жокко чыгаруу арызын райондук сот ишембиде карап, аны канааттандырган эмес. Ал ага карабастан балдардын укугун коргоо жана алардын ден соолугуна кам көрүү маселесине жогорку бийликтин көңүлүн буруу үчүн башка ата-энелер менен бирге пикетке чыгуу чечимине келген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG