Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:29

“ОШГАЗДЫН” АЙЛАНАСЫНДАГЫ ОКУЯЛАРГА АК ҮЙ КАНДАЙ МАМИЛЕДЕ?..


«Кыргызгаз» акционердик коомунун маалыматы боюнча, “Ошгаз” башкармалыгында финансылык мүчүлүштүктөр орун алган. «Кыргызгаз» коому мындай тыянакка атайын чарбалык текшерүүнүн жыйынтыгынан кийин келген. Текшерүүдөн кийинки маалыматтар республикалык бир катар көз карандысыз гезиттерге басылган. “Ошгаз” чарбасынын жетекчиси Даврон Сабиров учурда гезиттер менен соттошууда. Бу маселеде депутаттардын жана “Кыргызгаз” акционердик коомдун жетекчилигинин пикирлери кандай?

«Кыргызгаз» акционердик коому менен “Ошгаз” башкармалыгынын ортосундагы каржылык талаш-тартыштарга кыйла жылдар болду. Мындай чырлашуулар буга чейин депутат Сабиров жетектеген депуттаттык комиссиянын электр, газ боюнча жүргүзгөн текшерүүлөрү таасирин берген.

Ал эми «Кыргызгаз» акционердик коому “Ошгаз” ишканасын текшергенде ал финансылык мыйзам бузууларга жол берилген. Текшерүүнүн документтери Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр жыйынынын кароосунда. Бул маселе тууралуу Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр палатасынын депутаты Жаныш Рустанбеков мындай дейт:

- Сабиров “Он үч жыл мурун болгон окуя” дейт. Буга чейин Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр жыйыны тарабынан электр энергиясын, "Кыргызгазды" текшерүү боюнча чоң комиссия түзүлүп, адис катары Сабировду комиссиянын жетекчилигине бекиткен элек. Текшерүүнүн жыйынтыгын Сабиров сессияга алып чыккан болчу. Мына ушул текшерүү “Кыргызгаз” акционердик коому менен “Ошгаз” чарбасынын ортосунда келишпестиктерди пайда кылгансыды.

Рустанбековдун айтымында, “Ошгаз” чарбасындагы финансылык мыйзам бузуулар тууралуу кыргыз өкмөтү да билет. Өкмөт өз убагында бул маселени караганда мынчалык чиеленишмек эмес дейт. Ал эми “Ошгаздагы” мүчүлүштүктөр тууралуу жазган «Учкун» эркин гезитинин кызматкери Калил Жамгырчиев “Ошгаз” боюнча сын маалыматтарды кайдан алгандыгы жөнүндө буларды билдирди:

- “Ошгаз” чарбасынын “Кыргызгаз” акционердик коомуна карызы 80 миллион сомдон ашык сумманы түзөт. Дебитордук карыз болсо 35 миллиондон ашып кеткен. Дебитордук карыз кайдан пайда болду? Жалган документтердин негизинде элдин карызы деп баш айландырып келген жетекчиликтин өзүм билемдик, жоопкерсиздигинен болгон. Ал карыздар көп жылдардан бери топтолгон карыздар. Аны өндүрүү да мүмкүн эмес экен

Ушундай маалыматтар гезитке басылганына депутат Даврон Сабиров “ар-намысыма жана ишкердик аброюма доо кетирди” деп "Учкун” эркин гезити менен автордон 5 миллион сом айыппул төлөтүп берүүсүн соттон сураган. Депутат менен журналисттин соттук иши Бишкек шаарындагы Свердлов райондук соту тарабынан каралууда. Журналистти сотко берүү окуясы Кыргызстанда биринчи жолу болуп жаткан жери жок дейт Калил Жамгырчиев:

- Эми журналисттерди айыппул төлөтүү, сотко берүү, камакка алуу Кыргызстанда өнөкөт оору сыңары болуп калбадыбы.

Автордун “Ошгаз” боюнча гезитке баскан маалыматтарын “Кыргызгаз” акционердик коомунун айрым өкүлдөрү да бышыктаган. Текшерүү комиссиянын төрагасы Медербек Осмоналиев:

- “Кыргызгаз” акционердик коомунун текшерүү комиссиясы “Ошгазды” өткөн жылдын февраль айында текшерген. Анда Сабировдун өз билемдиги менен эч кандай документи жок газ түтүкчөлөрүн куруп жатканы аныкталган.

Осмоналиевдин пикиринде, “Ошгаздагы” мүчүлүштүктөр жетекчиликтин өзүм билемдигинен болгон. Ал текшерүүнү жыйынтыктаган документтер Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр жыйынына тапшырылган, бирок карала элек дейт. Анын себеби тууралуу депутат Рустанбеков буларды белгиледи:

- Депутатты депутаттардын күнөөлөшү этикага жатпайт. Тилекке каршы, бул маселене өкмөт карабай жатпайбы. "Кыргызгазда" чыр-чатактар көп. Ал тууралуу өкмөт деле билет. Биз бүт маалыматтарды бергенбиз. Өкмөт эч кандай жыйынтык чыгарбай жатпайбы.

Рустанбековдун пикиринде, “Кыргызгаз” акционердик коому менен “Ошгаздын” ортосундагы финансылык чыр-чатактар ырбап отуруп, жамаатта жакшы эмес жагдай түзүлүшү ыктымал. Бирок ”Кыргызгаз” акционердик коому бул маселени чечалбай келет. Ага эмне себеп? Коомдун төрага орун басары Абдимажит Маматисаев буларга токтолду:

-Кандай гана акционердик коом болбосун Жогорку Кеңештин депутаты ошол ишканада иштесе, аны ошол ишкананын жетекчиси да аны кызматтан бошото албайт экен мыйзам боюнча. Ошол себептен депутат Даврон Сабировго эч кандай чара көрө алган жокпуз.

“Ошгаз” ишканасындагы каражат маселесинин жылдан жылга тартыш болуп келишине Өзбекстандын Кыргызстанга газды ырааттуу бербей жаткандыгы себеп дейт Даврон Сабиров:

-Эмне себептен Өзбекстан газ боюнча Кыргызстан менен бир келишимге келбейт. Анткени Өзбекстан газ берсе, Кыргызстан суу берип жатпайбы. Ушуну биздин өкмөт ишке салбай жатканы таң калыштуу. Мурдагы жылдары суу маселеси эске алынып, газ берилип келген. Быйылкы жылдан баштан 42 доллардан аласыңар деп жатат. Бул маселеде кыргыз өкмөтү унчукпайт. Баары бир талап кылуубуз керек.

XS
SM
MD
LG