Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:30

Ирландиялыктар атуулдукту алуу эрежеси катаалдатылышын жактады


Жалпы элдик референдумда Конституциянын атуулдук маселесине тиешелүү беренесин өзгөртүү жөнүндөгү өкмөттүн сунушун калктын 80%ы колдоду. Буга чейин Ирландиянын атуулдугу өлкөнүн аймагында төрөлгөн ар бир балага автоматтык түрдө ыйгарылчу. Эми Ирландиянын атуулдугун алыш үчүн жаңы төрөлгөн ымыркайдын ата –энесинин бири кеминде өлкөнүн аймагында үч жыл жашашы керек. Жогорудагыдай чара балдарына Ирландиянын атуулдугун алып берүү максатында европалык эмес өлкөлөрдөн келип төрөгөн аялдар арбыганына байланыштуу көрүлүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG